30-статья. Чет өлкөнүн граждандыгы бар мекендештин статусун токтотуу жана андан ажыратуу
Күчүндө · 18.07.2025 редакциясы
Чет өлкөнүн граждандыгы бар мекендештин статусу төмөнкү учурларда токтотулат:
- Кыргыз Республикасынын граждандыгы калыбына келтирилгенде;
- чет өлкөнүн граждандыгы бар мекендештин статусун алган адамдын жеке арызы боюнча.
Чет өлкөнүн граждандыгы бар мекендештин статусун алган чет өлкөлүк гражданин төмөнкү учурларда статусунан ажыратылат:
- статус ыйгаруу жөнүндө өтүнүч кат бергенде өзү тууралуу жалган маалыматтарды билдиргенде;
- соттуулугу бар экендиги жөнүндө фактылар ырасталганда;
- ага карата соттун айыптоочу өкүмү күчүнө киргенде;
- Кыргыз Республикасынын коопсуздугуна коркунуч туудуруучу иштерди жүзөгө ашырганда;
- эгерде террористтик, экстремисттик же сепаратисттик уюмдардын мүчөсү болуп саналса.
Чет өлкөнүн граждандыгы бар мекендештин статусун токтотуу чет өлкөнүн граждандыгы бар мекендешке берилген документтин колдонулушун токтотууга алып келет.".
Берененин тексти 18.07.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
30-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112079/st-30" title="30-статья - Чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендештердин укуктук абалы маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>