29-статья. Чет өлкөнүн граждандыгы бар мекендештердин укуктары
Күчүндө · 18.07.2025 редакциясы
Чет өлкөнүн граждандыгы бар мекендештер төмөнкүлөргө укуктуу:
- чет өлкөнүн граждандыгы бар мекендештин документи бар учурда, жарактуу документтердин бири боюнча визасын жол-жоболоштурбастан, Кыргыз Республикасынын аймагына кирүүгө, чыгууга, транзит менен өтүүгө, жол жүрүүгө жана анда турууга;
- жашап турууга уруксатты жол-жоболоштурбастан, Кыргыз Республикасында туруктуу жашоого. Чет өлкөнүн граждандыгы бар мекендеш Кыргыз Республикасынын аймагында турган мөөнөтүнө карабастан, Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашаган чет өлкөлүк гражданинге теңештирилет;
- ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар берүүчү эмгек визасын жол-жоболоштурбастан жана жумушка уруксат албастан, Кыргыз Республикасынын граждандары үчүн белгиленген негиздерде жана тартипте ишканаларда, мекемелерде жана уюмдарда иштөөгө же башка иште эмгектенүүгө;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган, саламаттык сактоо жана билим берүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын граждандары менен катар акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдей шарттарына.
Чет өлкөнүн граждандыгы бар мекендеш Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлей албайт.
Берененин тексти 18.07.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
29-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112079/st-29" title="29-статья - Чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендештердин укуктук абалы маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>