3-берене
Күчүндө · 23.03.2023 редакциясы
"Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2013-ж., № 9, 1030-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 9-беренеде:
а) 1-пунктунун "б" пунктчасы "каралган уруксаттарга карата" деген сөздөрдөн кийин ", ошондой эле атайын жөнгө салуу режимдеринин алкагында "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Улуттук банк тарабынан берилүүчү лицензияларга карата" деген сөздөр менен толукталсын;
б) 2-пунктунун "б" пунктчасы "лицензияларына гана," деген сөздөрдөн кийин "атайын жөнгө салуу режимдеринин алкагында "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Улуттук банк тарабынан берилүүчү лицензияларга карата," деген сөздөр менен толукталсын;
2) 25-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Убактылуу лицензияларды узартуунун негиздери жана тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген Иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө жобо, ал эми атайын жөнгө салуу режимдеринин алкагында "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Улуттук банк тарабынан берилген лицензияларга карата - Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актылары менен белгиленет.".
Берененин тексти 23.03.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
3-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (2)
- Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндөЗакон · 19.10.2013 · № 195
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндөЗакон · 16.12.2016 · № 206 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112059/st-3" title="3-берене - Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө", "Инновациялык иш жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөр киргизүү тууралу) (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>