Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
2-берене
Күчүндө · 18.04.2020 редакциясы
"Ташуучунун жүргүнчүлөрдүн алдындагы жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 6/2, 653-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-беренеде:
а) он экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"пайда табуучу - жабырлануучу жана (же) өлгөн учурда жабырлануучу жеке жактын мураскору же болбосо юридикалык жак кайра уюштурулган учурда камсыздандыруу төлөмдөрүн алууга укугу бар анын мыйзамдуу укуктук мураскору болуп саналган жак;";
б) жыйырманчы абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"жабырлануучу - ташууда өмүрүнө, ден соолугуна, мүлкүнө залал келтирилген жүргүнчү. Жүргүнчү менен бирге жүргөн балдар, ташууда алардын өмүрүнө жана (же) ден соолугуна залал келтирилсе алар дагы жүргүнчү деп таанылган-таанылбаганына карабастан, ошондой эле жабырлануучу деп таанылат;";
2) 7-берененин 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Жүргүнчүлөрдү ташууну жүзөгө ашыруучу транспорт каражатын башкарган адам ташуучунун жүргүнчүлөрдүн алдындагы жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу полисин жанында алып жүрүүгө жана аны жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган мамлекеттик органдардын кызмат адамдарына текшерүү үчүн көрсөтүүгө милдеттүү.";
3) 9-беренеде:
а) 3-бөлүгүнүн үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Камсыздандыруучу ушул Мыйзамда каралган зарыл документтерди берген, милдеттүү камсыздандыруу келишимин түзүү үчүн кайрылган кандай гана ташуучу болбосун мындай келишимди түзүүдөн баш тартууга укуксуз.";
б) бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын:
"Милдеттүү камсыздандыруу келишими ачык келишим болуп саналат.";
4) Мыйзам төмөнкүдөй мазмундагы 91-берене менен толукталсын:
"91-берене. Милдеттүү камсыздандыруу эрежелери
1. Тараптардын ушул Мыйзамда аныкталган милдеттүү камсыздандыруу келишими боюнча укуктарын жана милдеттерин ишке ашыруу тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген милдеттүү камсыздандыруу эрежелеринде белгиленет.
2. Милдеттүү камсыздандыруу эрежелери башка жоболор менен бирге төмөнкү жоболорду камтыйт:
1) милдеттүү камсыздандыруу келишимин түзүү, өзгөртүү, узартуу, бузуу, токтотуу тартибин;
2) милдеттүү камсыздандыруу келишимин түзүү үчүн зарыл документтердин тизмегин;
3) камсыздандыруу сый акыларын төлөө тартибин;
4) милдеттүү камсыздандырууну жүзөгө ашырууда, анын ичинде камсыздандыруу окуясы болгондо адамдардын аракеттеринин тизмегин;
5) камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөө жөнүндө талаптарды коюу тартибин жана аны төлөө, ошондой эле бир нече пайда табуучунун ортосунда камсыздандыруу төлөмдөрүн бөлүштүрүү тартибин;
6) жабырлануучунун өмүрүнө зыян келтирилген учурда камсыздандыруу төлөмүн алууга укугу бар адамдардын тизмегин;
7) милдеттүү камсыздандыруу боюнча талаштарды чечүү тартибин.";
5) 12-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 8-пункт менен толукталсын:
"8) жүргүнчүлөрдү ташууга чейин камсыздандыруу келишимин түзүүгө.";
6) 17-берененин 3-бөлүгүнүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Жабырлануучунун өмүрүнө жана ден соолугуна зыян келтирилгени үчүн камсыздандыруу төлөмүнүн өлчөмү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгилеген тартипте, жабырлануучунун ден соолугуна келтирилген зыяндын мүнөзүнө жана оордугуна жараша ченемдерге ылайык аныкталат.".
Берененин тексти 18.04.2020 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Ташуучунун жүргүнчүлөрдүн алдындагы жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндөЗакон · 04.08.2008 · № 189
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112053/st-2" title="2-берене - Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кооптуу жүктөрдү ташуучунун жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө", "Ташуучунун жүргүнчүлөрдүн алдындагы жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>