1-берене
Күчүндө · 18.04.2020 редакциясы
"Кооптуу жүктөрдү ташуучунун жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 6/2, 652-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) преамбуладагы "үчүнчү жакка" деген сөздөр "жабырлануучуларга" деген сөзгө алмаштырылсын;
2) 3-беренеде:
а) он экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"пайда табуучу - жабырлануучу жана (же) өлгөн учурда жабырлануучу жеке жактын мураскору же болбосо юридикалык жак кайра уюштурулган учурда камсыздандыруу төлөмдөрүн алууга укугу бар анын мыйзамдуу укуктук мураскору болуп саналган жак:";
б) берене төмөнкүдөй мазмундагы элүү сегизинчи абзац менен толукталсын:
"жабырлануучу - Кыргыз Республикасынын аймагында жөнөтүүчүдөн алуучуга кооптуу жүктү жеткирүү процессинде кооптуу жүк менен болгон инциденттин натыйжасында өмүрүнө, ден соолугуна жана (же) мүлкүнө зыян келтирилген (жеке же юридикалык) жак.";
3) 4-беренедеги "үчүнчү жактын" деген сөздөр "жабырлануучунун" деген сөзгө алмаштырылсын;
4) 8-беренеде:
а) 1-бөлүгүндө "үчүнчү жактар" деген сөздөр "жабырлануучулар" деген сөзгө алмаштырылсын;
б) 4-бөлүгүндө "Үчүнчү жактар" деген сөздөр "Жабырлануучулар" деген сөзгө алмаштырылсын;
5) 10-беренеде:
а) 2-бөлүгүндө "үчүнчү жактарга" деген сөздөр "жабырлануучуларга" деген сөзгө алмаштырылсын;
б) 3-бөлүгүнүн үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Камсыздандыруучу ушул Мыйзамда каралган зарыл документтерди берген, милдеттүү камсыздандыруу келишимин түзүү үчүн кайрылган кандай гана ташуучу болбосун келишимди түзүүдөн баш тартууга укуксуз.";
в) бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын:
"Милдеттүү камсыздандыруу келишими ачык келишим болуп саналат.";
6) Мыйзам төмөнкүдөй мазмундагы 101-берене менен толукталсын:
"101-берене. Милдеттүү камсыздандыруу эрежелери
1. Тараптардын ушул Мыйзамда аныкталган милдеттүү камсыздандыруу келишими боюнча укуктарын жана милдеттерин ишке ашыруу тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүчү милдеттүү камсыздандыруу эрежелеринде белгиленет,
2. Милдеттүү камсыздандыруу эрежелери башка жоболор менен бирге төмөнкү жоболорду камтыйт:
1) милдеттүү камсыздандыруу келишимин түзүү, өзгөртүү, узартуу, бузуу, токтотуу тартибин;
2) милдеттүү камсыздандыруу келишимин түзүү үчүн зарыл документтердин тизмегин;
3) камсыздандыруу сый акыларын төлөө тартибин;
4) милдеттүү камсыздандырууну жүзөгө ашырууда, анын ичинде камсыздандыруу окуясы болгондо адамдардын аракеттеринин тизмегин;
5) камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөө жөнүндө талаптарды коюу тартибин жана аны төлөө, ошондой эле бир нече пайда табуучунун ортосунда камсыздандыруу төлөмдөрүн бөлүштүрүү тартибин;
6) жабырлануучунун өмүрүнө зыян келтирилген учурда камсыздандыруу төлөмдөрүн алууга укугу бар адамдардын тизмегин;
7) милдеттүү камсыздандыруу боюнча талаштарды чечүү тартибин.";
7) 11-беренеде:
а) 1-бөлүгүнүн 5-пунктунда "үчүнчү жактын" деген сөздөр "жабырлануучунун" деген сөзгө алмаштырылсын;
б) 2-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 9-пункт менен толукталсын:
"9) кооптуу жүктү ташууга чейин камсыздандыруу келишимин түзүүгө.";
8) 12-берененин 1-бөлүгүнүн 2-пунктунда "үчүнчү жактардын" деген сөздөр "жабырлануучулардын" деген сөзгө алмаштырылсын;
9) 13-беренеде:
а) берененин аталышында "Үчүнчү жактын" деген сөздөр "Жабырлануучунун" деген сөзгө алмаштырылсын;
б) 1 жана 2-бөлүктөрүндө "Үчүнчү жактар", "үчүнчү жактардын" деген сөздөр тиешелүүлүгүнө жараша "Жабырлануучулар", "жабырлануучулардын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
10) 15-беренеде:
а) 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Жабырлануучунун өмүрүнө жана ден соолугуна зыян келтирилгени үчүн камсыздандыруу төлөмүнүн өлчөмү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте, жабырлануучунун ден соолугуна келтирилген зыяндын мүнөзүнө жана оордугуна жараша ченемдерге ылайык аныкталат.";
б) 5 жана 7-бөлүктөрүндө "үчүнчү жакка" жана "үчүнчү жактарга" деген сөздөр тиешелүүлүгүнө жараша "жабырлануучуга" жана "жабырлануучуларга" деген сөздөргө алмаштырылсын;
11) 16-берененин 1-бөлүгүнүн биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөп берүү тууралуу талап камсыздандырылуучу же болбосо пайда табуучу тарабынан жазуу жүзүндө, документтерди тиркөө менен камсыздандыруучуга берилет, документтердин толук тизмеги жана жол-жоболоштуруу тартиби Милдеттүү камсыздандыруу эрежелеринде аныкталат, анын ичинде:";
12) 18-берененин 3-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 31-пункт менен толукталсын:
"31) камсыздандыруучу башка негиздер боюнча камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөп берүүдөн баш тартууга укуксуз.";
13) 20-беренеде:
а) "үчүнчү жактардын" деген сөздөр "жабырлануучулардын" деген сөзгө алмаштырылсын;
б) "сот тартибинде" деген сөздөр "тартипте" деген сөзгө алмаштырылсын.
Берененин тексти 18.04.2020 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Кооптуу жүктөрдү ташуучунун жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндөЗакон · 04.08.2008 · № 188
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112053/st-1" title="1-берене - Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кооптуу жүктөрдү ташуучунун жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө", "Ташуучунун жүргүнчүлөрдүн алдындагы жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>