1-берене
Күчүндө · 15.04.2020 редакциясы
"Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2015-ж., № 7, 1049-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-берененин 10-пункту "жашаган жеринен" деген сөздөрдөн кийин "же болбосо турган жеринен" деген сөздөр менен толукталсын;
2) 5-беренеде:
а) 1-бөлүгүндө:
биринчи абзацында "алардын туруктуу жашаган жери" деген сөздөр "жашаган жери же болбосо турган жери" деген сөздөргө алмаштырылсын; бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын: "Жарандарды жумушсуз же жумуш издөөчү катары каттоо тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.";
б) 2-бөлүгүндө "алардын туруктуу жашаган жери" деген сөздөр "жашаган жери же болбосо турган жери" деген сөздөргө алмаштырылсын;
3) 9-беренесинин 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 7-пункт менен толукталсын:
"7) каза болгондо.";
4) 13-берененин 1-бөлүгүнүн 5-пунктунда "туруктуу жашаган жерин" деген сөздөр "жашаган жерин же болбосо турган жерин" деген сөздөргө алмаштырылсын.
Берененин тексти 15.04.2020 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндөЗакон · 03.08.2015 · № 214
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112044/st-1" title="1-берене - Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>