3-берене
Күчүндө · 09.10.2025 редакциясы
Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 1 (2), 13-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 3-беренеде:
а) 11-пунктунда "жана экономикалык" деген сөздөр алып салынсын;
б) 14-пунктунда "жана экономикалык" деген сөздөр алып салынсын;
в) 23-пунктунда:
- "район аралык" деген сөздөр "административдик" деген сөзгө алмаштырылсын;
- "жана экономикалык" деген сөздөр алып салынсын;
г) 25-пунктунда "район аралык" деген сөздөр "административдик" деген сөзгө алмаштырылсын;
2) 16-беренеде:
а) 1-бөлүгүндө "райондор аралык" деген сөздөр алып салынсын;
б) 2-бөлүгүндө "райондор аралык" деген сөздөр "административдик" деген сөзгө алмаштырылсын;
3) 18-берененин 2 жана 3-бөлүктөрүндө "жана экономикалык" деген сөздөр алып салынсын;
4) 25-берененин 1-бөлүгүндө "Райондор аралык" жана "райондор аралык" деген сөздөр тиешелүүлүгүнө жараша "Административдик" жана "административдик" деген сөздөргө алмаштырылсын;
5) 50-берене төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Далил катары ишке катышкан тараптардын түшүндүрмөлөрүнө жана күбөлөрдүн көргөзмөлөрүнө, анын ичинде видеоконференцбайланыш тутумун пайдалануу жолу менен алынган, ошондой эле жазуу жана буюм түрүндөгү далилдерге, аудио жана видео жазууларга, эксперттердин корутундуларына жол берилет.";
6) 111-берене төмөнкүдөй мазмундагы 6-бөлүк менен толукталсын:
"6. Административдик доо сотко тийиштүү соттун маалыматтык-телекоммуникациялык интернет түйүнүндөгү расмий сайтында жайгашкан форманы толтуруу аркылуу берилиши мүмкүн, ага Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте электрондук кол тамга коюлат.";
7) 121-берененин 5-бөлүгүндө "эки айдан" деген сөздөр "бир айдан" деген сөздөргө алмаштырылсын;
8) 123-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 131-пункт менен толукталсын:
"131) ишке катышкан жактардын, алардын өкүлдөрүнүн өтүнмөсү боюнча же өзүнүн демилгеси менен соттун жыйналышына, анын ичинде алдын ала болгон сот жыйналышына видеоконференцбайланыш тутумун пайдалануу жолу менен катышуу мүмкүндүгү жөнүндө маселени чечет, ошондой эле мындай катышууну камсыз кылуу боюнча чараларды көрөт.";
9) 225-берененин 1 жана 2-бөлүктөрү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Сот соттук жарыш сөздөрдөн кийин чечим (аныктама) чыгаруу үчүн кеңешүүчү бөлмөгө чыгып кетет. Кеңешүүдөн кийин судьялар чыгарылган чечимди (аныктаманы) жарыялайт.
2. Сот актысынын резолюциялык бөлүгүн чыгарууда сот жүйөлөнгөн сот актысы менен таанышуу датасын жарыялоого милдеттүү. Жүйөлөнгөн сот актысы соттук териштирүү аяктаган күндөн тартып беш күндөн кечиктирилбестен түзүлөт.";
10) 227-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"227-берене. Соттук чечимдин аткарылышын токтото туруу Апелляциялык даттанууну жана биринчи инстанциядагы соттун чечимине даттануу мөөнөтүн калыбына келтирүү жөнүндө арызды берүүдө апелляциялык инстанция соттун чечимин аткарууну апелляциялык даттануу (сунуштама) чечилгенге чейин токтото турууга укуктуу.";
11) 233-берененин 3-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын;
12) 259-беренеде:
а) 3-бөлүгүндө "сот актысын жарыя кылуунун датасын жана убактысын жарыялап," деген сөздөр алып салынсын;
б) 4 жана 5-бөлүктөр төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Сот актысынын резолюциялык бөлүгүн жарыя кылганда сот жүйөлөнгөн сот актысы менен таанышуу датасын жарыялоого милдеттүү. Мында жүйөлөнгөн сот актысын жазуу жүзүндө түзүү он беш күндөн ашпаган мөөнөткө кийинкиге калтырылышы мүмкүн.
5. Ишти кароо күнү, убактысы жана орду жөнүндө талаптагыдай кабарланган процесстин катышуучуларынын кассациялык инстанциядагы соттук жыйналышка келбегени ишти териштирүүгө тоскоолдук болуп саналбайт.";
13) 260-берененин 1-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын;
14) 264-берененин 7-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"7. Ушул Кодекстин 178 жана 179-беренелерине ылайык кассациялык инстанциядагы сот туура эмес жазууларды жана даана арифметикалык каталарды оңдоо жөнүндө, сот актысын түшүндүрүү тууралуу маселени кароого укуктуу.".
Берененин тексти 09.10.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
3-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Административдик-процесстик кодексиКодекс · 25.01.2017 · № 13
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112041/st-3" title="3-берене - Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине, Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине, Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодексине, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун түзүмүн жана жергиликтүү соттордун судьяларынын штаттык санын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>