10-берене
Күчүндө · 08.05.2020 редакциясы
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет жана алты айдын ичинде аткарылууга тийиш.
Ушул Мыйзамды колдонуу жөнүндө маселе аны колдонуу үчүн каралган мөөнөттөр өткөндөн кийин келип чыккан учурларда (соттолгондун аракеттеринин юридикалык квалификациясы өзгөрүшүнө жараша), соттолгонго карата мунапыс берүү актысы көрсөтүлгөн мөөнөттөр өткөндөн кийин колдонулушу мүмкүн.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү түзөтүү мекемелеринен бошотулган адамдарга Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексинин 162 жана 163-беренелеринин талаптарына ылайык жардам көрсөтүүнү камсыз кылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы ушул Мыйзамдын так жана бирдей аткарылышын көзөмөлдөөнү камсыз кылсын жана аны ишке ашыруунун натыйжалары боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине маалымат берсин.
4. Жаза аткаруучу ыйгарым укуктуу орган жаза мөөнөтү ушул Мыйзамга ылайык кыскартылган адамдарга, алардын жаза мөөнөтүнүн жаңыдан эсептелиши жана жаза өтөө мөөнөтү аяктаган дата жөнүндө ушул Мыйзам күчүнө киргенден кийин үч айдын ичинде кол койдуруп алуу менен маалымат берсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти
С.Ш. Жээнбеков
Берененин тексти 08.05.2020 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
10-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодексиКодекс · 31.01.2017 · № 17
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112036/st-10" title="10-берене - 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгына жана 2010-жылдагы Элдик Апрель революциясынын 10 жылдыгына байланыштуу мунапыс жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>