3-берене
Күчүндө · 23.01.2025 редакциясы
"Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1997-ж., № 11, 537-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 8-статьяда:
а) 2-пунктунда:
- 6 жана 7-пунктчалар төмөнкүдөй редакцияларда баяндалсын:
"6) жоюлбаган соттуулугу бар адам;
7) банкрот болгон учурдан тартып беш жыл өткөнгө чейин банкроттук негиздер боюнча жеке ишкер катары ишин токтоткон адам;";
- төмөнкүдөй мазмундагы 8-пунктча менен толукталсын:
"8) банкроттукка байланыштуу чарба жүргүзүүчү субъекттин иши токтотулган учурдан тартып беш жыл өткөнгө чейин чарба жүргүзүүчү субъекттин жетекчиси болуп саналган адам.";
б) 11-пунктунда "(банкроттук жөнүндө иштер боюнча мамлекеттик орган тарабынан дайындалган)" деген сөздөр алып салынсын;
2) 12-статьяда:
а) 5-пункттун биринчи абзацында "биринчи" деген сөз алып салынсын;
б) 6-пункттун биринчи абзацында "биринчи" деген сөз алып салынсын;
3) 17-статьянын 2-пункту төмөнкүдөй мазмундагы 121-пунктча менен толукталсын:
"12-1) Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине ылайык банкроттук чөйрөдөгү башкаруу тартибине каршы бузуулар жөнүндө иштерди карайт;";
4) 18-статьянын 2-пунктунда "жактар. Кыргыз Республикасынын кылмыш, административдик жана граждандык мыйзамына" деген сөздөр "жактар Кыргыз Республикасынын граждандык жана жазык мыйзамдарына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын бузуулар жана жоруктар жөнүндө мыйзамдарына" деген сөздөргө алмаштырылсын;
5) 19-статьяда:
а) 1-пунктунда "жана күнөөлүү адамдарды мыйзамда белгиленген тартипте жоопко тартууну талап кылууга укуктуу" деген сөздөр "талап кылууга жана күнөөлүү адамдарды ушул Мыйзамдын 18-статьясына ылайык жоопкерчиликке тартуу үчүн тиешелүү ыйгарым укуктуу органдарга кайрылууга укуктуу" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 2-пунктунда "жана күнөөлүү адамдарды мыйзамда белгиленген тартипте башка жоопкерчиликке тартууну талап кылууга укуктуу" деген сөздөр "талап кылууга жана күнөөлүү адамдарды ушул Мыйзамдын 18-статьясына ылайык жоопкерчиликке тартуу үчүн тиешелүү ыйгарым укуктуу органдарга кайрылууга укуктуу" деген сөздөргө алмаштырылсын;
6) 272-статьянын 2-пункту "ал" деген сөздөн кийин "карыз тарап карызын төлөбөгөн учурда, банкроттук жол-жобо жөнүндө демилгелөөнү көрсөтүү менен" деген сөздөр менен толукталсын;
7) 2712-статьянын 3-пунктунда "Көзөмөлдөө иретинде" деген сөздөр "Кассациялык тартипте" деген сөздөргө алмаштырылсын;
8) 2713-статьянын 4-пунктунда "Көзөмөлдөө иретинде" деген сөздөр "Кассациялык тартипте" деген сөздөргө алмаштырылсын;
9) 2719-статьяда:
а) 1-пункту төмөнкүдөй мазмундагы 71-пунктча менен толукталсын:
"7-1) банкроттук жол-жобо соттон тышкары тартиптен сот тартибине айландырылганда;";
б) 5-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
в) 6-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6. Соттун аныктамасы апелляциялык аныктама кабыл алынган учурдан тартып он беш күндүк мөөнөттө кассациялык тартипте даттанылышы мүмкүн.";
10) 2722-статьяда:
а) 1-пункттун экинчи абзацында "көзөмөл тартибинде" деген сөздөр "кассациялык тартипте" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 3-пункттун биринчи абзацында "көзөмөл иретинде" деген сөздөр "кассациялык тартипте" деген сөздөргө алмаштырылсын;
11) 2732 жана 2733-статьялар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2732-статья. Апелляциялык инстанциядагы өндүрүш
1. Банкроттук жөнүндө иштер боюнча апелляциялык инстанциядагы өндүрүш ушул статьяда белгиленген өзгөчөлүктөр менен Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине ылайык жүзөгө ашырылат.
2. Апелляциялык даттануу сот тарабынан тиешелүү сот актысы кабыл алынгандан кийин он күндүн ичинде чечим же аныктама кабыл алган сотко берилет.
3. Апелляциялык даттанууну өндүрүшкө кабыл алуу жөнүндө апелляциялык инстанциядагы соттук курамдын судьясы даттануу келип түшкөн учурдан тартып үч күндүн ичинде аныктама чыгарат.
4. Апелляциялык даттануу ал сотко келип түшкөн күндөн тартып он күндүк мөөнөттө каралат.
Берененин тексти 23.01.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
3-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (2)
- Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндөЗакон · 15.10.1997 · № 74
- Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексиКодекс · 25.01.2017 · № 14
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111987/st-3" title="3-берене - Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине, "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө", "Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>