2733-статья. Кассациялык инстанциядагы өндүрүш
Күчүндө · 23.01.2025 редакциясы
1. Банкроттук жөнүндө иш боюнча кассациялык инстанциядагы өндүрүш ушул статьяда белгиленген өзгөчөлүктөр менен Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине ылайык жүзөгө ашырылат.
2. Кассациялык тартипте соттун чечимин же аныктамасын кайра кароо жөнүндө арыз чечим же аныктама күчүнө кирген учурдан тартып он беш күндүн ичинде чечимди же аныктаманы кабыл алган сот аркылуу Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна берилет. Аппеляциялык тартипте даттанылбаган, биринчи инстанциядагы соттордун мыйзамдуу күчүнө кирген актылары кассациялык тартипте кайра каралбайт. Мыйзамдуу күчүнө кирген сот актысын кайра кароо жөнүндө арызды берүүнүн процесстик мөөнөтү, эгер мындай соттук акты күчүнө кирген учурдан тартып үч айдан ашык убакыт өтсө, сот тарабынан калыбына келтирилбейт.
3. Кассациялык тартипте соттун чечимин же аныктамасын кайра кароо жөнүндө арызды өндүрүшкө кабыл алуу тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку соту кассациялык инстанцияга арыз түшкөн учурдан тартып беш күндүн ичинде аныктама чыгарат.
4. Кассациялык тартипте соттун чечимин же аныктамасын кайра кароо жөнүндө арыз ал иш менен бирге Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна түшкөн күндөн тартып бир айлык мөөнөттө каралат. Өзгөчө учурларда арызды кароонун көрсөтүлгөн мөөнөтү узартылышы мүмкүн, бирок бир айдан ашпоого тийиш.
5. Кыргыз Республикасынын Жогорку соту кассациялык тартипте карыз тарапты банкрот деп таануу жөнүндө чечимди кайра кароо тууралуу арыз берген жактын өтүнүчү (арызы) боюнча атайын администраторго карыз тараптын мүлкүн тескөөгө байланышкан иш-аракеттерди жасоого тыюу салууга укуктуу.";
12) 28-статья төмөнкүдөй мазмундагы 4-пункт менен толукталсын:
"4. Соттон тышкары тартипте атайын администрациялоо жол-жобосун жүргүзүүгө жана (же) аяктоого тоскоол болуучу жагдайлар болгон учурда, ушул Мыйзамдын 273-статьясынын 1-пунктунда көрсөтүлгөн жактар атайын администрациялоо жол-жобосун соттон тышкары тартиптен сот тартибине айландыруу жөнүндө арыз менен сотко кайрылууга укуктуу.";
13) 54-статьянын 2-пункту төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү сүйлөм менен толукталсын: "Жоюу жол-жобосу аяктаганда карыз тараптын негизги эсеби жабылууга тийиш.";
14) 55-статья төмөнкүдөй мазмундагы 9-пункт менен толукталсын:
"9. Карыз тарапты реструктуризациялоонун алкагында анын лицензиялары, соода маркалары жана автордук укуктары жаңы түзүлгөн юридикалык жакка карыз тарапка берилген шарттарда эле өткөрүп берилет. Мында лицензиялар лицензия берген ыйгарым укуктуу органды алдын ала кабарлоо менен жаңы түзүлгөн юридикалык жакка өткөрүп берилет. Эгерде реструктуризациялоонун алкагында бир нече юридикалык жак түзүлсө, анда лицензия түзүлгөн юридикалык жактардын бирине кредиторлордун чогулушунун чечими менен өткөрүп берилет.";
15) 62-статьянын 2-пунктунун биринчи абзацында "администратордук кызматка, тышкы башкаруучуга же консерваторго" деген сөздөр "администратор же тышкы башкаруучу кызматына" деген сөздөргө алмаштырылсын;
16) 63-статьянын 7-пункту төмөнкүдөй мазмундагы экинчи жана үчүнчү абзацтар менен толукталсын:
"Мында убактылуу администратор карыз тараптын ишин улантуу үчүн зарыл болгон бүтүмдөр боюнча учурдагы төлөмдөрдү жүзөгө ашырууга укуктуу. Убактылуу администратор жалпы башкаруу функцияларын жүзөгө ашырган кызматкерлер (жетекчи, анын орун басарлары, башкы бухгалтер жана кызматкерлер) менен эмгек келишимин кайра түзүүгө же бузууга укуктуу эмес.";
17) 66-статьяда:
а) 7-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"7) кредиторлордун чогулушуна карыз тараптын активдерин сатуу шарттарын сунуштоого;";
б) 15-пунктунда "активдерди аукцион аркылуу сатууда старттык баа белгиленет" деген сөздөр "активдерди ачык соода аркылуу сатууда старттык бааны белгилөөгө, мында биринчи соодаларда карыз тараптын активдери баа берүү наркы боюнча коюлууга тийиш" деген сөздөргө алмаштырылсын;
в) 16-пунктунда "мүлктүк, администрациялык же кылмыш жоопкерчилигине тартуу жөнүндө чечимдин кабыл алынышы үчүн сотко жана/же укук коргоо органдарына" деген сөздөр "жоопкерчиликке тартуу жөнүндө чечимдин кабыл алынышы үчүн сотко жана/же тиешелүү ыйгарым укуктуу органдарга" деген сөздөргө алмаштырылсын;
г) төмөнкүдөй мазмундагы 18-пункт менен толукталсын:
"18) карыз тарапты реабилитациялоого багытталган контракттарды аткарууну улантууга укуктуу.";
18) 671-статья төмөнкүдөй мазмундагы 3-пункт менен толукталсын:
"3. Электр жана жылуулук энергиясын жеткирүүчүүлөр, суу чарбасы жана канализациялык системалар, байланыш, карыз тараптын мүлкүн кайтаруу боюнча кызмат көрсөтүүчүлөр, ошондой эле карыз тараптын чарбалык ишин улантуу жана мүлкүн сактоо үчүн башка кызмат көрсөтүүчүлөр менен карыз тарап түзгөн келишимдер карыз тарапты банкрот деп таануу себеби боюнча бузулбайт. Эгерде администратор ушул келишимдерди аткарууну улантуу чечимин кабыл алса, банкроттук процесс башталгандан кийин аларды аткаруу жана пайда болушу менен байланышкан чыгымдар банкроттук процесстин сарптоолоруна кирет.";
19) 70-статьяда:
а) төмөнкүдөй мазмундагы 41-пункт менен толукталсын:
"41) карыз тараптын активдерин сатуу жөнүндө чечимди кредиторлордун чогулушу менен макулдашууга;";
б) 61-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"61) ушул Мыйзамдын 12-статьясынын 9-пунктунун талаптарына ылайык кредиторлордун чогулушун квартал сайын өткөрүүгө, ошондой эле кредиторлордун чогулушунун чечими менен банкроттук процессине чыгымдарды бекитүүгө жана кредиторлордун чогулушуна чыгымдар боюнча отчет берүүгө;";
20) 98-статья төмөнкүдөй мазмундагы 7-пункт менен толукталсын:
"7. Кредиторлор реабилитациялоо планын бекитүүдө же реабилитациялоонун ар кандай этабында аны өзгөртүүдө кредиторлордун сотунун жыйналыштарына катышууга укуктуу.";
21) 125-статья төмөнкүдөй мазмундагы 21-пункт менен толукталсын:
"21. Банкроттук процессинде карыз тарап (жетекчи, жеке ишкер же карыз тараптын катышуучусу) табылган учурда, атайын администрациялоо жол-жобосу менен байланышкан сарптоолор банкроттук жөнүндө ишти караган сот тарабынан карыз тараптан өндүрүлүшү мүмкүн.".
Берененин тексти 23.01.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
2733-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексиКодекс · 25.01.2017 · № 14
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111987/st-2733" title="2733-статья - Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине, "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө", "Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>