Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
1-берене
Күчүн жоготкон · 18.01.2022 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 18 января 2022 года № 4.
Кыргыз Республикасынын Салык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 8, 922-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 43-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Кыргыз Республикасы салык төлөөчүнүн укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык коргоону кепилдейт.";
2) 51-берененин 1-бөлүгүнүн 17-пунктунда "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине ылайык санкцияларды" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине ылайык өндүрүүнү" деген сөздөргө алмаштырылсын;
3) 54-берененин 8-бөлүгүнүн үчүнчү абзацында "администрациялык жоопкерчиликке" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексине ылайык жоопкерчиликке" деген сөздөргө алмаштырылсын;
4) 83-берененин 5-бөлүгүнүн 6-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6) бузуулар боюнча иштер жөнүндө;";
5) 87-берененин 3-бөлүгүндө "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексинде" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинде" деген сөздөргө алмаштырылсын;
6) 90-берененин 5-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5. Салык төлөөчүнүн салыктык отчетко өзгөртүүлөрдү жана/же толуктоолорду киргизүүсү мындай салык төлөөчүгө салыктык санкцияларды, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексине же Кыргыз Республикасынын Жазык кодексине ылайык чараларды колдонууга негиз болуп саналбайт.";
7) 106-беренеде:
а) 7-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"7. Табылган бузуулары үчүн жоопкерчиликке тартылууга тийиш болгон салык төлөөчүнүн жасаган бузуулары боюнча салык кызматы органы тарабынан Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине ылайык протокол түзүлөт жана токтом чыгарылат.";
б) 8-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын;
8) 122-берененин 3-бөлүгүнүн 5-пунктунда "жана администрациялык" деген сөздөр алып салынсын;
9) 134-беренеде:
а) 1-бөлүгүндө ", администрациялык жана/же кылмыштык укук бузуу белгилерин камтыбаган" деген сөздөр алып салынсын;
б) 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарын бузганы үчүн жоопкерчилик ушул Кодексте, Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинде, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексинде же Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинде белгиленет.";
10) 137-берененин 3-бөлүгүндө "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинде, Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексинде" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинде, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексинде жана Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинде" деген сөздөргө алмаштырылсын.
Берененин тексти 18.01.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (2)
- Кылмыш ЖазаКодекс · 01.10.1997 · № 68 · Күчүн жоготкон
- Салык кодексиКодекс · 17.10.2008 · № 230 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111977/st-1" title="1-берене - Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>