1-берене
Күчүндө · 08.07.2026 редакциясы
"Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., № 7, 971-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-беренеде:
а) берене төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын:
"мамлекеттик портал - шайлоо участоктору, райондор, шаарлар жана бүтүндөй республика боюнча электрондук форматтагы, мыйзамдарда белгиленген тартипте түзүлгөн жана актуалдашкан шайлоочулардын тизмелери жөнүндө маалыматты камтыган, шайлоо дарегинин (шайлоо участогунун номеринин) өзгөрүүсү тууралуу, жарандардын шайлоолорго жана референдумдарга катышуусу тууралуу маалымат киргизилген, ошондой эле мыйзамдарда белгиленген идентификация жана аутентификация боюнча талаптарды сактоодо шайлоочуларга өздөрүнүн маалыматтарына тактоосуна жана өзгөртүүсүнө мүмкүндүк берген мамлекеттик органдын интернет-сайты;";
б) берене төмөнкүдөй мазмундагы сегизинчи абзац менен толукталсын:
"катталган талапкер - Кыргыз Республикасынын Конституциясында (мындан ары - Конституция), ушул конституциялык Мыйзамда белгиленген талаптарга туура келген жана шайлоо аркылуу Президенттин, Жогорку Кеңештин депутатынын кызмат ордун ээлөөгө талапкер катары Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан (мындан ары - Борбордук шайлоо комиссиясы) катталган адам;";
в) берене төмөнкүдөй мазмундагы тогузунчу абзац менен толукталсын:
"ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү шайлоочулар - активдүү шайлоо укугуна ээ, жалпы шарттарда шайлоо укуктарын толук кандуу жүзөгө ашырууну чектөөгө алып келген угуу, көрүү, таяныч-кыймыл аппаратынын функциялары бузулган, оорулар, жаракаттардын же кемчиликтердин кесепеттери менен шартталган, организм функциялары туруктуу бузулган, ден соолугу начар Кыргыз Республикасынын жарандары;";
г) берене төмөнкүдөй мазмундагы он төртүнчү жана он бешинчи абзацтар менен толукталсын:
"шайлоочуларга маалымдоо - шайлоо өнөктүгүнүн мезгилинде шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшү жана шайлоо комиссияларынын иши, шайлоо участоктору, шайлоочулардын тизмесин түзүүнүн жана өзгөртүүнүн тартиби, добуш берүүгө катышуунун тартиби, добуш берүүнүн тартиби, добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөө жана шайлоонун натыйжаларын аныктоо тартиби жөнүндө маалыматтарды даярдоо жана таркатуу боюнча иш; талапкер (талапкерлер) жана саясий партия (партиялар), алардын программалары жөнүндө, кайсыл бир талапкерге (талапкерлерге), саясий партияга (партияларга) артыкчылык бербеген жана тигил же бул талапкер, саясий партия үчүн же болбосо аларга каршы шайлоо алдындагы үгүттүн белгилерин камтыбаган расмий маалыматты даярдоо жана таратуу боюнча шайлоо комиссияларынын жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын иши; маалыматтык материал - шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшү жана шайлоо комиссияларынын иши, шайлоо участоктору, шайлоочулардын тизмесин түзүүнүн жана өзгөртүүнүн тартиби, добуш берүүгө катышуунун тартиби, добуш берүүнүн тартиби, добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөө жана шайлоонун натыйжаларын аныктоо тартиби жөнүндө маалыматтарды камтыган басылма, көрмө-укма жана башка материалдар; шайлоо комиссияларынын жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын талапкер (талапкерлер) жана саясий партия (саясий партиялар), алардын программалары жөнүндө, кайсыл бир талапкерге (талапкерлерге), саясий партияга (саясий партияларга) артыкчылык бербеген жана тигил же бул талапкер, саясий партия үчүн же аларга каршы шайлоо алдындагы үгүттүн белгилерин камтыбаган расмий маалымат;";
д) берене төмөнкүдөй мазмундагы он алтынчы абзац менен толукталсын:
"шайлоочулардын контролдук тизмеси - шайлоочулар тууралуу жана добуш берүү күнүнө чейинки 35 календардык күндө, шайлоочулардын тизмесин тактоо мезгилинде келип түшкөн шайлоочулардын арыздарынын негизинде жүргүзүлгөн өзгөртүүлөр жөнүндө актуалдашкан маалыматты камтыган жана мамлекеттик порталда жарыялануучу, добуш берүү күнүнө 30 календардык күн калганда шайлоо участогуна илинүүчү шайлоочулардын тизмеси;";
е) берене төмөнкүдөй мазмундагы он сегизинчи абзац менен толукталсын:
"идентификациялоо боюнча жабдуу - биометрикалык жана жекече маалыматтары боюнча шайлоочуну идентификациялоо аркылуу шайлоочуларды идентификациялоо үчүн арналган түзүлүш;";
ж) берене төмөнкүдөй мазмундагы он тогузунчу абзац менен толукталсын:
"шайлоочулардын биротоло тизмеси - шайлоочулардын тизмесин тактоо мезгилинде алардын арыздарынын негизинде бардык өзгөртүүлөр киргизилген, мамлекеттик порталда жарыялануучу жана добуш берүү күнүнө чейин 7 календардык күн калганда шайлоо участокторуна илинүүчү шайлоочулардын такталган тизмеси;";
з) жыйырма биринчи абзацта ", ошондой эле баңги заттарды көзөмөлдөө боюнча органдар" деген сөздөр алып салынсын;
и) берене төмөнкүдөй мазмундагы жыйырма экинчи абзац менен толукталсын:
"шайлоочулардын алдын ала тизмеси - жарандар өздөрүнүн маалыматтарын тактоо же шайлоо дарегин өзгөртүү үчүн мамлекеттик порталда жарыялануучу жана участкалык шайлоо комиссиялары тарабынан илинүүчү, добуш берүү күнүнө чейин 80 календардык күн калгандагы абалы боюнча шайлоочулардын тизмеси;";
к) берене төмөнкүдөй мазмундагы жыйырма төртүнчү-жыйырма алтынчы абзацтар менен толукталсын:
"диний ишмер - Кыргыз Республикасында дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө мыйзамдарга ылайык диний иштерди жүзөгө ашыруучу адам; талапкердин соттуулугу жөнүндө маалыматтар - эгерде талапкер колдонуудагы Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинде кылмыш деп таанылган жосундары үчүн тиешелүү мыйзам актыларына ылайык соттолгон болсо, талапкердин соттолуусуна негиз берген Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин беренесинин (беренелеринин) номерин (номерлерин) жана аталышын (аталыштарын), чет мамлекеттин мыйзамынын беренесин (беренелерин) көрсөтүү менен, талапкердин кайсыл бир учурда соттолгондугу же соттуулугунун жоктугу жөнүндө болгон же бар маалыматтар; диний кызматчы - тийиштүү диний уюм (бирикме) тарабынан диний, имамдык, пастырдык, үгүттөөчүлүк ыйгарым укук берилген адам;";
л) жыйырма төртүнчү абзац "шайлоочулардын тизмеси -" деген сөздөрдөн кийин "Калктын бирдиктүү мамлекеттик реестринин негизинде" деген сөздөр менен толукталсын;
м) жыйырма жетинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"оператор - участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөсү же болбосо Борбордук шайлоо комиссиясы ишке тарткан, шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүүдө жарандарды идентификациялоо боюнча же добуш берүү күнү шайлоо участогунда автоматтык эсептөөчү урнаны тейлөө боюнча техникалык кызмат көрсөтүүнү камсыз кылуучу адам;";
н) отуз экинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"бузулуу - автоматтык эсептөөчү урнанын, шайлоочуларды идентификациялоо жабдууларынын убактылуу ишке жөндөмдүүлүгүн жоготкондугу;";
2) 2-берененин 2-бөлүгүнүн үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жашаган же жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандары аккредитациялаган өлкөнүн тиешелүү органдары менен макулдашуу боюнча тышкы иштер маселелерин тескеген органдын сунушу боюнча түзүлгөн шайлоо участокторунда, эреже катары, Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн, консулдук мекемелеринин, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын чет өлкөдөгү өкүлчүлүктөрүнүн аймагында добуш беришет.";
3) 3-беренеде:
а) 1-бөлүктө "Кыргыз Республикасынын Конституциясында (мындан ары - Конституция)" деген сөздөр "Конституцияда" деген сөзгө алмаштырылсын;
б) 3-бөлүк "таанылган же" деген сөздөрдөн кийин "соттун мыйзамдуу күчүнө кирген өкүмү боюнча" деген сөздөр менен толукталсын;
в) 4-бөлүктө "алып салынбаган же" деген сөздөр алып салынсын;
4) 6-берене төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Добуш берүүнүн жашыруундуулугун бузуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчиликке алып келет.";
5) 9-беренеде:
а) 1-бөлүктүн биринчи абзацында "коммерциялык эмес уюм," деген сөздөр алып салынсын;
б) 2-бөлүктүн үчүнчү сүйлөмүндөгү "жарактуу" деген сөз ", талапкердин койгон колу болгондо же саясий партиянын мөөрү коюлганда жарактуу болуп эсептелет." деген сөздөргө алмаштырылсын;
в) 3-бөлүктүн экинчи абзацындагы "мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын кызмат адамы," деген сөздөр "Жогорку Кеңештин, жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкер, саясий, атайын мамлекеттик кызматты жана саясий муниципалдык кызматты ээлеген адамдар, мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматчылар," деген сөздөргө алмаштырылсын;
г) 4-бөлүктүн 17-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"17) шайлоочулардын добуш берүүсүнүн жашыруундуулугун бузбастан, добуш берүүнүн жүрүшүнө, добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгарууга тоскоол болбостон, жеке өзү фото-, көрмө тартууга, укма жазууну жүргүзүүгө.";
6) 10-1-беренеде:
а) 2-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Шайлоого байкоону жүзөгө ашырууга ниеттенген коммерциялык эмес уюм, коммерциялык эмес уюмду мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүгүнүн көчүрмөсүн тиркөө менен, Борбордук шайлоо комиссиясына, аймактык шайлоо комиссиясына билдирме жөнөтөт. Борбордук шайлоо комиссиясы, аймактык шайлоо комиссиясы шайлоого жарандык мониторинг жүргүзүү ниетин жарыялаган коммерциялык эмес уюмдардын тизмегин участкалык шайлоо комиссияларына жөнөтөт.";
б) 3-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Коомдук байкоочулар ушул берененин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн документтерди көрсөткөндө, тиешелүү шайлоо комиссиясы тарабынан катталат. Шайлоо комиссияларынын алдында коомдук байкоочуларды каттоонун шарттары жана тартиби, каттоо жөнүндө документтин формасы Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан белгиленет. Коммерциялык эмес уюм ар бир шайлоо комиссиясында үчтөн ашпаган коомдук байкоочуну каттата апат. Ошол эле учурда бир шайлоо участогунда бир эле убакта бир коммерциялык эмес уюмдан бир гана коомдук байкоочу боло алат.";
в) 4-бөлүктөгү "мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын кызмат адамы," деген сөздөр "Жогорку Кеңештин, жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкер, саясий, атайын мамлекеттик кызматты жана саясий муниципалдык кызматты ээлеген адамдар, мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматчы," деген сөздөргө алмаштырылсын;
г) 5-бөлүктөгү "аккредитацияланган" деген сөз "катталган" деген сөз менен алмаштырылсын;
д) 6-бөлүктө:
15-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "15) шайлоочулардын добуш берүүсүнүн жашырындуулугун бузбастан, добуш берүүнүн жүрүшүнө, добуш берүүнүн жыйынтыгын чыгарууга тоскоол болбостон жеке өзү фото-, көрмө тартууга, укма жазууну жүргүзүүгө;"; бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 16-пункт менен толукталсын: "16) ушул берененин 3-бөлүгүндө көрсөтүлгөн талаптарды сактоо менен, ал катталган шайлоо участокторунда эркин жүрүүгө жана болууга.";
е) 9-бөлүктөгү "аккредитациясын артка чакыртып алууга" деген сөздөр "каттоосун жокко чыгарууга" деген сөздөргө алмаштырылсын;
7) 11-берененин 2-бөлүгүнүн 4-пункту "жашыруундуулугун бузбастан," деген сөздөрдөн кийин "добуш берүүнүн жүрүшүнө жана добуш берүүнүн жыйынтыгын чыгарууга тоскоол болбостон," деген сөздөр менен толукталсын;
8) 12-беренеде:
а) 2-бөлүктүн 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2) аймактык шайлоо комиссиялары;";
б) 3-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 7-пункт менен толукталсын:
"7) калыстык.";
9) 13-берене:
а) 3-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жашаган же жүргөн шайлоочулардын добуш берүүсүн өткөрүү жана добуштарын эсептөө үчүн, шайлоо участоктору чет өлкөлөрдө тышкы иштер маселелерин тескеген органдын сунушу боюнча жана аккредитациялаган өлкөнүн компетенттүү органдары менен макулдашуу боюнча, Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн, консулдук мекемелеринин, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын чет өлкөдөгү өкүлчүлүктөрүнүн аймагында түзүлүшү мүмкүн.";
б) 4-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Шайлоо участоктору тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары тарабынан, 5 жылдык мөөнөткө ар бир участокто 2500дөн ашпаган шайлоочу эсебинде түзүлөт. Шайлоо участокторунун чек араларын башкаруу Борбордук шайлоо комиссиясы бекиткен тартиптин негизинде жүзөгө ашырылат. Шайлоо участокторунун тизмеги жана алардын чек арасы аймактык шайлоо комиссияларынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын сунушу боюнча, аларды түзүү үчүн каралган тартипте такталууга тийиш. Жарандардын шайлоо укуктарын, анын ичинде убактылуу жүргөн жериндеги шайлоо дареги боюнча добуш берүү укугун ишке ашырууну камсыз кылуу, шайлоочулар үчүн максималдуу ыңгайлуулукту түзүү максатында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын сунушу боюнча аймактык шайлоо комиссиялары тарабынан кошумча шайлоо участоктору түзүлүшү мүмкүн. Кошумча шайлоо участоктору шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилине гана түзүлөт жана иштейт. Алар төмөнкү учурларда түзүлөт:
- ошол аймакта убактылуу жүргөн жана добуш берген жери боюнча туруктуу жашаган жери жок шайлоочулардын саны көп болсо;
- жакын жайгашкан шайлоо участокторундагы шайлоочулардын саны ушул конституциялык Мыйзамда белгиленген шайлоочулардын санынан ашып кетсе.
Шайлоочулардын санына тийиштүү ушул бөлүктүн биринчи абзацынын жобосу Кыргыз Республикасынын чектеринен тышкары шайлоо участокторун түзүүдө колдонулбайт. Эгерде Кыргыз Республикасынын чектеринен тышкары жашаган же жүргөн бир аймактагы шайлоочулардын саны ушул бөлүктүн биринчи абзацында белгиленген шайлоочулардын санынан ашса, тышкы иштер маселелерин тейлеген органдын сунушу боюнча жана аккредитацияланган өлкөнүн компетенттүү органдарынын макулдугу боюнча бир жайда эки же андан ашык шайлоо участоктору түзүлүшү мүмкүн.";
в) 5-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары түзүлгөн шайлоо участоктору жөнүндө маалымат алар бекитилген күндөн баштап 5 календардык күндөн кечиктирбестен Борбордук шайлоо комиссиясынын, Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн, консулдук мекемелеринин жана аккредитацияланган чет өлкөдөгү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын өкүлчүлүктөрүнүн сайттарында жайгаштырылат.";
10) 14 жана 15-беренелер төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"14-берене. Шайлоочулардын тизмелерин түзүү
1. Шайлоочулардын укуктарын ишке ашыруу, шайлоочуларды өздөрү жөнүндө маалыматтар менен тааныштыруу, ошондой эле добуш берүүнү өткөрүү максатында ар бир шайлоо участогу боюнча шайлоочулардын тизмеси түзүлөт.
2. Шайлоочулардын тизмесине добуш берүү күнү активдүү шайлоо укугуна ээ жана мыйзамдарга ылайык биометрикалык каттоодон өткөн Кыргыз Республикасынын жарандары киргизилет.
Шайлоону даярдоо мезгилинде Борбордук шайлоо комиссиясынын жана калкты каттоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдын (мындан ары - ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) чечими боюнча жарандарды биометрикалык каттоо, анын ичинде, Кыргыз Республикасынын аэропортторунун, темир жол бекеттеринин аймагында да жүзөгө ашырылышы мүмкүн.
3. Шайлоочулардын тизмесин түзүү Калктын бирдиктүү мамлекеттик реестринде камтылган жекече (анын ичинде биометрикалык) маалыматтардын негизинде, шайлоо участокторунун чектерин эске алуу менен жүргүзүлөт.
Калктын бирдиктүү мамлекеттик реестрин түзүүнү, сактоону жана актуалдаштырууну ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жүзөгө ашырат.
4. Шайлоочулардын алдын ала тизмеси курагы 18 жашка жеткен, биометрикалык маалыматтарын тапшырган жарандар жөнүндө маалыматтарды Калктын бирдиктүү мамлекеттик реестринен автоматтык жүктөп алуу жолу менен жана шайлоо участокторунун чегин эске алуу менен түзүлөт.
Шайлоочулардын алдын ала тизмеси добуш берүү күнүнө чейин 80 календардык күн калганда шайлоочулардын мамлекеттик порталында участоктор, райондор жана шаарлар боюнча, шайлоочунун туруктуу же иш жүзүндө жашаган жери, туулган күнү жөнүндө маалыматтарысыз, таанышуу жана көрсөтүлгөн маалыматтарды тиешелүү түрдө тактоо, тизмедеги каталарды жана так эместиктерди аныктоо үчүн жайгаштырылат.
5. Добуш берүү күнү стационардык дарылоо-алдын алуу мекемелеринде, шектүүлөр жана айыптуулар катары кайтарууда кармоочу жайларда, иш цикли үзгүлтүксүз ишканаларда (вахталык иштерде) болгон шайлоочулар, мөөнөттүү кызматтын аскер кызматчылары, аскер бөлүктөрүндө жашаган аскер кызматчылары жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү жана башка адамдар жөнүндө маалыматтар аталган мекемелердин (ишканалардын, аскер бөлүктөрүнүн) жетекчилери тарабынан түзүлөт жана добуш берүү күнүнө чейин 12 календардык күндөн кечиктирбестен тиешелүү участкалык шайлоо комиссиясына өткөрүп берилет.
Стационардык дарылоо-алдын алуу мекемелеринде, шектүүлөр жана айыптуулар катары кайтарууда кармоочу жайларда жүрүшкөн шайлоочуларды, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү шайлоочуларды эсепке алуу үчүн, жогоруда көрсөтүлгөн мекемелер карамагында турган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар, ошондой эле социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган ар бир жылдын 1-февралына жана 1-августуна карата көрсөтүлгөн шайлоочулардын анык саны жөнүндө маалыматты Борбордук шайлоо комиссиясына берип турууга милдеттүү.
6. Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жашаган жана жүргөн, консулдук (убактылуу консулдук) каттоого турган жана биометрикалык каттоодон өткөн шайлоочулар жөнүндө маалыматтар тиешелүү дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн жана консулдук мекемелердин жетекчилери тарабынан түзүлүп, тышкы иштер маселелерин тейлеген мамлекеттик орган аркылуу Борбордук шайлоо комиссиясына добуш берүү күнүнө чейин 85 календардык күндөн кечиктирбестен өткөрүп берилет.
Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жашаган жана жүргөн, консулдук (убактылуу консулдук) каттоого турган шайлоочулар жөнүндө маалыматтарды берүүнүн формасын, түрүн жана тартибин тышкы иштер маселелерин тейлеген мамлекеттик орган менен макулдашуу аркылуу Борбордук шайлоо комиссиясы аныктайт. Добуш берүү күнү Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жашаган же жүргөн шайлоочу добуш берүү күнүнө чейин 15 календардык күндөн кечиктирбестен, ушул конституциялык Мыйзамдын 15-беренесинде белгилеген тартипте арыз берүү жолу менен жашаган же турган жериндеги шайлоо дареги боюнча добуш берүүгө ниеттенгендиги тууралуу билдирүүгө укуктуу. Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгү же консулдук мекемеси шайлоочунун жүргөн же турган жериндеги шайлоо дареги боюнча добуш берүүнү каалагандыгы тууралуу арызы келип түшкөн учурдан тартып шайлоочуну акысыз негизде убактылуу консулдук каттоого турган адам катары каттайт. Мындай каттоо шайлоочунун арызында көрсөтүлгөн мөөнөткө жүргүзүлөт. Арыз кабыл алынгандан кийин Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгү же консулдук мекемеси токтоосуз аны Борбордук шайлоо комиссиясына өткөрүп берет.
7. Шайлоочулардын мамлекеттик порталында жайгаштырылган жана ар бир шайлоо участогу боюнча түзүлгөн алдын ала тизме Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан басып чыгарылат жана добуш берүү күнүнө чейин 75 календардык күндүн ичинде участкалык шайлоо комиссияларына өткөрүп берилет.
Берененин тексти 08.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Бул актынын беренеде аталган беренелери
Беренеде аталган актылар (3)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексиКодекс · 28.10.2021 · № 127
- Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 2-июлундагы № 68 "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Конституциялык…Конституционный Закон · 02.07.2011 · № 68
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111961/st-1" title="1-берене - Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>