Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
63-берене. Кезектеги ар жылдык өргүүнүн узактыгы
Күчүндө · 11.06.2026 редакциясы · 8-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон Кыргызской Республики от 16 февраля 2023 года № 31
1. Кызматкерге кезектеги ар жылдык өргүү календардык иштеген жылдарын төмөнкүдөй тартипте эсепке алуу менен берилет:
1) 10 жылдан аз - мөөнөтү 30 календардык күн;
2) 10 жылдан 15 жылга чейин - мөөнөтү 35 календардык күн;
3) 15 жылдан 20 жылга чейин - мөөнөтү 40 календардык күн;
4) 20 жыл жана андан көп мөөнөтү 45 календардык күнгө.
2. Илимдин кандидаты окумуштуулук даражасы, доцент окумуштуулук наамы, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген ишмери ардактуу наамы бар кызматкерге кошумча 5 календардык күн берилет, ал эми илимдин доктору илимий даражасы, профессор илимий наамы бар кызматкерге 10 календардык күн берилет.
3. Зыяндуу жана өзгөчө шарттарда кызматтык милдеттерин аткаргандыгы үчүн же болбосо бийик тоолуу жана алыскы жерлерде, климаттык жана экологиялык шарттары оор жерлерде кызмат өтөгөн, же болбосо интернационалист жоокер болгон, ошондой эле Чернобыль АЭСиндеги кыйроонун кесепеттерин жоюуга катышкан кызматкерге узактыгы 10 календардык күн болгон кошумча өргүү күндөрү берилет.
4. Ченемге салынбаган жумуш күндөрү үчүн кызматкерлерге узактыгы 10 календардык күнгө чейинки кошумча өргүү күндөрү берилет.
5. Ушул беренеде каралган кошумча өргүү күндөрү кезектеги ар жылдык өргүү менен кошулуп эсептелет. Ошол эле учурда өргүүнүн жалпы узактыгы 60 календардык күндөн ашпоого тийиш.
(КР 2023-жылдын 16-февралында № 31 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 11.06.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон Кыргызской Республики от 16 февраля 2023 года № 31 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О прохождении службы в правоохранительных органах Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
16.02.2023 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…АЭСиндеги кыйроонун кесепеттерин жоюуга катышкан кызматкерге алынып салынды: Кыргыз Республикасынын жарандарын социалдык коргоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кошулду: узактыгы 10 календардык күн болгон кошумча алынып салынды: күндөр кошулду: өргүү күндөрү берилет.
4. Ченемге салынбаган жумуш күндөрү үчүн кызматкерлерге … учурда өргүүнүн жалпы узактыгы 60 календардык күндөн ашпоого тийиш.
кошулду: (КР 2023-жылдын 16-февралында № 31 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111956/st-63" title="63-берене - Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>