Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
62-берене. Кезектеги ар жылдык өргүү
Күчүндө · 11.06.2026 редакциясы · 8-глава
1. Кызматкерге милдеттүү түрдө кезектеги акы төлөнүүчү ар жылдык өргүү берилет.
2. Кызматкер өтүп жаткан жылда кезектеги ар жылдык өргүүнү пайдаланбаган же өргүүнүн бөлүгүн пайдаланган учурда, өргүү же анын пайдаланбаган бөлүгү милдеттүү түрдө өтүп жаткан иш жылынын ичинде берилет же кийинки иш жылы үчүн өргүүгө кошулат.
3. Кызматкер ордунан жылыштырыганда же которулганда пайдаланылбаган кезектеги ар жылдык өргүүсү жаңы кызмат орду боюнча берилет.
4. Кызматкер өз каалоосу боюнча өргүүнү бөлүктөргө бөлүп пайдаланууга укуктуу. Ушуну менен бирге, биринчи бөлүктүн узактыгы 14 календардык күндөн аз болбоого тийиш.
5. Кызматкерде кызмат өтөгөн биринчи жыл үчүн өргүүнү пайдалануу укугу укук коргоо органында үзгүлтүксүз 11 ай кызмат өтөгөндөн кийин пайда болот.
6. Үзгүлтүксүз кызмат өтөгөнүнө 11 ай өткөнгө чейин акы төлөнүүчү өргүү кызматкердин өргүүгө чыгаар алдындагы билдирмеси боюнча аялдарга - кош бойлуулук жана төрөт боюнча өргүүнүн алдында же түздөн-түз андан кийин, ошондой эле 3 айга чейинки курактагы баланы асырап алган кызматкерлерге берилүүгө тийиш.
7. Кызмат өтөгөн экинчи жана андан кийинки жылдары үчүн өргүү иш жылынын каалаган убагында, кезектеги ар жылдык өргүүлөрдүн графигине ылайык берилиши мүмкүн.
8. Кызматкер иштен бошотулганда, ага ар жылдык өргүү учурдагы жылда кызмат өтөгөн мезгилине пропорционалдуу берилет.
9. Боюнда бардыгы жана төрөгөндүгү өргүүгө кетип жаткан кызматкерге кезектеги ар жылдык өргүү анын каалоосу боюнча, бул өргүүгө кетердин алдында же түздөн-түз бул өргүүдөн кийин берилет.
10. Өргүүлөрдүн эсеби укук коргоо органы тарабынан аныкталган тартипте жүзөгө ашырылат.
(КР 2023-жылдын 16-февралында № 31 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 11.06.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон Кыргызской Республики от 16 февраля 2023 года № 31 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О прохождении службы в правоохранительных органах Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
16.02.2023 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…түрдө кезектеги акы төлөнүүчү ар жылдык өргүү берилет.
2. Кызматкер кошулду: өтүп жаткан жылда кезектеги ар жылдык өргүүнү алынып салынды: өтүп бараткан жылы пайдаланбаган кошулду: же өргүүнүн бөлүгүн пайдаланган учурда, өргүү кошулду: же анын пайдаланбаган бөлүгү милдеттүү түрдө кошулду: өтүп жаткан иш жылынын ичинде берилет же кийинки алынып салынды: жылдын биринчи кварталында берилет.
кошулду: иш жылы үчүн өргүүгө кошулат.
3. Кызматкер ордунан жылыштырыганда же которулганда пайдаланылбаган кезектеги ар жылдык өргүүсү жаңы кызмат орду боюнча берилет.
4. алынып салынды: Кызматкерге анын кошулду: Кызматкер өз каалоосу боюнча алынып салынды: өргүүсүн эки бөлүккө бөлүүгө уруксат берилет.
кошулду: өргүүнү бөлүктөргө бөлүп пайдаланууга укуктуу. Ушуну менен бирге, биринчи бөлүктүн узактыгы 14 календардык күндөн аз болбоого тийиш.
5. Кызматкерде кызмат өтөгөн биринчи жыл үчүн өргүүнү пайдалануу … укук коргоо органы тарабынан аныкталган тартипте жүзөгө ашырылат.
кошулду: (КР 2023-жылдын 16-февралында № 31 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111956/st-62" title="62-берене - Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>