22-берене. Кызматкердин анты
Күчүндө · 11.06.2026 редакциясы · 5-глава
1. Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында төмөнкүлөр милдеттүү түрдө ант берет:
1) укук коргоо органдарына кызматка биринчи жолу кирген адамдар;
2) мурун кандайдыр бир себептер менен ант бербей калган кызматкерлер.
2. Ант укук коргоо органынын жетекчисинин же ыйгарым укуктуу жетекчинин катышуусунда, салтанаттуу жагдайда берилет.
3. Кызматка биринчи жолу кирип жатып, кызматкер жазуу жүзүндө төмөнкүдөй антты берет:
"Мен, (фамилиясы, ысымы, атасынын ысымы) Кыргыз Республикасынын жараны, (органдын аталышы) кызматка кирип жатып, Кыргызстандын элине берилип кызмат кылууга салтанаттуу ант беремин жана төмөндөгүлөргө ант кыламын:
- Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, уставдарын жана башка ченемдик укуктук актыларын ыйык сактоого;
- өз өмүрүмдү аябастан жарандардын жана мамлекеттин укуктарын, эркиндиктерин, мыйзамдуу кызыкчылыктарын кылмыштуу жана башка мыйзамга каршы кол салуулардан коргоого;
- өз ишимде мыйзамдуулук, чынчылдык жана адилеттүүлүк принциптерин карманууга, кыраакы жана кайраттуу кызматкер болууга, инсандыкты урматтоого, мамлекеттик жана кызматтык сырды бекем сактоого;
- кызматтык парзымды жана мага жүктөлгөн милдеттерди ак ниеттүү аткарууга, ошондой эле жетекчинин буйруктарын аткарууга;
- кызматтын кызыкчылыгы үчүн зарыл болгон жерде кызмат өтөөгө.
Берген антымды бузсам, мага Кыргыз Республикасынын мыйзамдары боюнча жазалар сөссүз берилсин.".
4. Кызматкердин ант берүү тартибин укук коргоо органдары аныктайт.
Берененин тексти 11.06.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
22-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111956/st-22" title="22-берене - Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>