Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
21-берене. Атайын наамдарды төмөндөтүү жана алардан ажыратуу
Күчүндө · 11.06.2026 редакциясы · 4-глава
1. Атайын наамды бир баскычка төмөндөтүү укук коргоо органынын жетекчисинин же ыйгарым укуктуу жетекчинин чечими менен тартиптик жаза түрүндө жүргүзүлүшү мүмкүн.
2. Атайын наамы төмөндөтүлгөн кызматкердин мурдагы атайын наамы ал төмөндөтүлгөн күндөн тартып бир жылдан эрте эмес убакытта жана кызматтык оң мүнөздөмөсү бар болгондо калыбына келтирилет.
3. Атайын наамды төмөндөтүү жөнүндө мыйзамсыз чечим кабыл алган укук коргоо органынын жетекчиси жана (же) ыйгарым укуктуу жетекчи Укук коргоо органдарынын тартиптик уставына жана жоруктар жана кылмыштар жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылат.
4. Кызматкер соттун өкүмү боюнча атайын наамдарынан ажыратылышы мүмкүн.
5. Атайын наамдан ажыратылган кызматкер укук коргоо органдарынан катардагы курамдын кызматкери катары бошотулат. Кызматкердин иштеген жылдары же оорусу боюнча пенсияга чыгуу укугу келип чыккан учурда, атайын наам боюнча маянанын өлчөмү пенсияны эсептөөдө тиешелүү түрдө укук коргоо органынын катардагы курамынын атайын наамы боюнча эсептелет.
6. Жогорку жетектөөчү курамдагы кызматкер атайын наамынан төмөндөтүлүшү, ал эми кийин ушул Мыйзамда белгиленген тартипте анын атайын наамы калыбына келтирилиши мүмкүн.
7. Атайын наамдан мыйзамсыз ажыратылган учурда, соттун чечимине ылайык мурунку атайын наамын калыбына келтирүү жөнүндө буйрукту атайын наамдарды ыйгаруу укугуна ээ болгон кызмат адамы чыгарат.
Берененин тексти 11.06.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111956/st-21" title="21-берене - Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>