13-берене. Укук коргоо органдарына кызматка кабыл алуу
Күчүндө · 11.06.2026 редакциясы · 3-глава
1. Укук коргоо органдарына кызматка кабыл алуу укук коргоо органынын жетекчисинин же башка ыйгарым укуктуу жетекчинин тиешелүү буйругунун негизинде жүзөгө ашырылат.
2. Укук коргоо органдарына кызматка кирген адамдар ушул Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында белгиленген, укук коргоо органдарындагы кызматка байланышкан чектөөлөрдү жана тыюу салууларды өзүнө кабыл алат.
3. Катардагы жана жетектөөчү курамдагы кызмат орундарына дайындалган же укук коргоо органдарындагы кадрлардын эсебине киргизилген аскерге милдеттүү адамдар белгиленген тартипте аскердик каттоодон чыгарылат жана укук коргоо органдарынын атайын каттоосуна алынат.
Берененин тексти 11.06.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
13-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111956/st-13" title="13-берене - Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>