Аккаунтту жөндөңүз

171-берене. Түздөн-түз сүйлөшүүлөрдүн негизинде жеке өнөктү аныктоо

Күчүн жоготкон · 11.08.2021 редакциясы

Берененин тексти 11.08.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.

171-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?

ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.

Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.

Берененин өзгөртүүлөрүнүн тарыхы

Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча чогултулду, жаңылары биринчи. Өзгөртүү киргизген актынын кабыл алынган күнү көрсөтүлгөн.

  1. Закон КР от 26 декабря 2020 года № 12 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам поддержки инвестиций"Редакцияларды салыштыруу
26.12.2020 редакциясында эмне өзгөрдү

Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.

кошулду: Түздөн-түз сүйлөшүүлөрдүн негизинде жеке өнөктү аныктоо 1. Түздөн-түз сүйлөшүүлөрдүн негизинде жеке өнөктү аныктоо төмөнкү учурларда жүзөгө ашырылат: 1) жарандардын коопсуздугун жана конституциялык түзүлүштү коргоону камсыз кылуу үчүн өзгөчө абал же өзгөчө кырдаал режимдерин белгиленген тартипте киргизүүдө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагына кризистик кырдаалдарды чечүү менен байланышкан өзгөчө абал жана өзгөчө кырдаал режимдерин киргизүүнүн жүрүшүндө келип чыккан чечимдер үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу кризистен кийинки мезгилде; 2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген ири МЖӨ долбоорлорун жана кызыкдар жактар тарабынан демилгеленген жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан жактырылган ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана финансылык тобокелдиктерди башкаруу боюнча мамлекеттик орган менен макулдашууну кошкондо ири долбоорлорду ишке ашырууда; 3) анын менчик укуктарына таандык объектке карата МЖӨ долбоору демилгеленген кызыкдар адамга; 4) кызыкдар адамга таандык интеллектуалдык иштин натыйжаларына өзгөчө укуктарды ишке ашыруу менен ажырагыс байланышкан МЖӨ долбоору; 5) чакан МЖӨ долбоорлорун ишке ашырууда. 2. Түздөн-түз сүйлөшүүлөрдүн негизинде жеке өнөктү аныктоо төмөнкү стадиялар аркылуу жүзөгө ашырылат: 1) МЖӨ долбоорун демилгелөө жөнүндө сунушту же жеке демилге жөнүндө сунушту даярдоо; 2) МЖӨ долбоорун демилгелөө жөнүндө сунушту бекитүү же жеке демилге жөнүндө сунушту кабыл алуу тууралуу чечим чыгаруу; 3) мамлекеттик өнөк тарабынан МЖӨ долбоорун демилгелөө жөнүндө сунуш бекитилген же жеке демилге жөнүндө сунушту кабыл алуу тууралуу чечим чыгарылган күндөн тартып 3 календарлык күндүн ичинде МЖӨ долбоорун даярдоо тууралуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын билдирүүсү; 4) МЖӨ чөйрөсүндө ыйгарымдуу укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилүүчү критерийлерге ылайык, потенциалдуу жеке өнөктөр менен МЖӨ долбоорунун макулдашуусунун шарттары тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү; 5) эгерде долбоордо мамлекеттик бюджеттен каржылоо алуу каралган учурда, МЖӨ жөнүндө макулдашуунун долбоору ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана финансылык тобокелдиктерди башкаруу боюнча мамлекеттик орган менен бюджеттик тобокелдиктердин келип чыгуу предмети макулдашууга жатат; 6) мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө макулдашууну түзүү. (КР 2020-жылдын 26-декабрындагы № 12 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

Документте редакцияларды толук салыштыруу

Берененин байланыштары

Бул актынын ага шилтеме берген беренелери

Беренени өз сайтыңызга кошуу

Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:

<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111942/st-171" title="171-берене - Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>