17-берене. Кызыкдар жактын МЖӨ долбоорун демилгелөөсү
Күчүн жоготкон · 11.08.2021 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 11 августа 2021 года № 98.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 26 декабря 2020 года № 12
1. Кызыкдар жак жеке демилге жөнүндө сунушу менен мамлекеттик өнөккө кайрылууга укуктуу.
2. Жеке демилге жөнүндө сунуш келип түшкөн күндөн тартып 60 календардык күндөн ашпаган мөөнөттө мамлекеттик өнөк мындай сунушту карап чыгууга жана кабыл алуу же болбосо баш тартуу жөнүндө чечимди чыгарууга милдеттүү. Жеке демилге жөнүндө сунуш келип түшкөн күндөн тартып 30 календардык күндүн ичинде мамлекеттик өнөк кызыкдар жактап берилген сунушту ишке ашыруу үчүн анын квалификациясы жана тажрыйбасы жөнүндө документтерди жана маалыматты кошкондо кошумча документтерди жана маалыматты суратып алууга, ошондой эле мамлекеттик өнөктүн алдында турган максаттарга, милдеттерге, программаларга жана пландарга жеке демилге тууралуу сунушту ылайык келтирүү үчүн кызыкдар жак менен кеңири сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө укуктуу.
Кабыл алуу жөнүндө чечим чыгарылган учурда мамлекеттик өнөк мындай чечим кабыл алынган күндөн тартып 5 календарлык күндүн ичинде жеке демилге жөнүндө сунуш келип түшкөндүгү тууралуу маалыматты МЖӨ расмий веб-сайтына жарыялоо үчүн чараларды көрүүгө милдеттүү, ошондой эле жеке демилге жөнүндө сунуш келип түшкөн күндөн тартып 60 календарлык күндөн ашпаган мөөнөттүн ичинде ушул Мыйзамдын 11-13-беренелеринде каралган тартипте МЖӨ долбоорунун тендердик документтерди даярдайт жана квалификациялардын суроо-талабын жарыялайт.
3. МЖӨ долбоорун демилгелөө жөнүндө сунуш четке кагылган учурда, мамлекеттик өнөк кызыкдар жактын сарпталган чыгымдарынын ордун толтурбастан, жеке демилге жөнүндө сунушту четке кагууну негиздеген жазуу жүзүндөгү жүйөлүү корутундуну кызыкдар жакка жөнөтүүгө тийиш. Кызыкдар жак сунуш четке кагылгандан кийин кызыкдар жактын мамлекеттик өнөккө берген документтеринин бардык түп нускаларын жана көчүрмөлөрүн суратып алууга укуктуу, ал эми мамлекеттик өнөк кайтарып берүүгө милдеттүү.
4. (КР 2020-жылдын 26-декабрындагы № 12 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
5. (КР 2020-жылдын 26-декабрындагы № 12 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
6. Эгерде ушул Мыйзамдын 13-беренесинде каралган квалификациялык тандоо баскычында жеке демилге жөнүндө сунушту берген кызыкдар жактын өтүнмөсүнөн тышкары:
1) квалификациялык тандоого катышууга башка өтүнмөлөр түшпөсө, анда ушул Мыйзамдын 13-беренесинин жоболорун колдонбостон, тендердик комиссия МЖӨ долбооруна карата минималдуу талаптарды аткаруу боюнча алардын милдеттенмелерди кабыл алуусу шартында жеке демилге жөнүндө сунушту берген кызыкдар жакты тендердин жеңүүчүсү деп таанууга тийиш;
2) квалификациялык тандоого катышууга башка кызыкдар жактардан өтүнмөлөр келип түшсө, анда тендер, эгерде башка кызыкдар жак мамлекеттик өнөк үчүн кыйла пайдалуу финансылык сунуш берсе, анда жеке демилге жөнүндө сунушту берген кызыкдар жакка тендердик комиссиянын билдирүүсүн алган датадан тартып 30 календарлык күндүн ичинде өзүнүн финансылык сунушун мамлекеттик өнөк үчүн кыйла пайдалуу финансылык сунуштун шарттарына ылайык келтирүү укугу берилерин эске алуу менен ушул Мыйзамдын талаптарына ылайык өткөрүлөт; эгерде жеке демилге жөнүндө сунуш берген кызыкдар жак мындай укукту пайдаланса, анда ал тендердин жеңүүчүсү деп таанылат.
7. Кызыкдар жак болуп саналбаган, жеке демилге жөнүндө сунушту берген жак тендердин жеңүүчүсү деп таанылган учурда, анда тендердин жеңүүчүсү жеке демилге жөнүндө сунушту берген кызыкдар жактын жеке демилге жөнүндө сунушунда көрсөтүлгөн жеке демилге жөнүндө сунушту иштеп чыгууга сарптаган чыгымдарынын ордун толтурууга милдеттүү.
8. Жеке демилге жөнүндө сунуш, жеке демилге жөнүндө сунушка карата тиркелген документтер жана маалыматтар купуя болуп эсептелет жана мамлекеттик өнөк аларды мындай сунушту баалоо максаттарында гана пайдаланууга тийиш. Мамлекеттик өнөк мындай сунушту берген кызыкдар жактын макулдугу менен гана жеке демилге жөнүндө сунушта камтылган маалыматты ачыкка чыгарууга укуктуу.
(КР 2020-жылдын 26-декабрындагы № 12 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 11.08.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
17-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөрүнүн тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча чогултулду, жаңылары биринчи. Өзгөртүү киргизген актынын кабыл алынган күнү көрсөтүлгөн.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Инвестицияларды колдоо маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөЗакон · 26.12.2020 · № 12
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111942/st-17" title="17-берене - Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>