2-берене
Күчүндө · 18.07.2019 редакциясы
"Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2013-ж., № 9, 1030-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-берененин 4-бөлүгүнүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Лицензияларды берүү, токтотуп туруу, токтотуу (кайра чакырып алуу/жокко чыгаруу) тартибин кошуп алганда, банктардын, каржы-кредиттик уюмдардын жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан жөнгө салынуучу башка жактардын ишин лицензиялоонун тартиби жана өзгөчөлүктөрү, ошондой эле лицензиялык талаптар, лицензиялык контролдоо Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө, төлөм, микрокаржылык иш жөнүндө, кредиттик маалымат алмашуу жөнүндө, кредиттик союздардын, турак жай-сактык кредиттик компанияларынын иши жөнүндө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын көзөмөлүндөгү башка жактардын иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленет.";
2) 15-берене төмөнкүдөй мазмундагы 26-2-пункт менен толукталсын:
"26-2) турак жай-сактык кредиттик компанияларынын иши;".
Берененин тексти 18.07.2019 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
2-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндөЗакон · 19.10.2013 · № 195
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111936/st-2" title="2-берене - Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Күрөө жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>