Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
9-берене. Расмий статистиканын башка жүргүзүүчүлөрү
Күчүндө · 28.07.2026 редакциясы · 2-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 22 апреля 2024 года № 78
1. Расмий статистиканын башка жүргүзүүчүлөрү статистикалык программаларга ылайык расмий статистиканы иштеп чыгууну, жүргүзүүнү жана жайылтууну жүзөгө ашырышат.
2. Расмий статистиканын башка жүргүзүүчүлөрүнө расмий статистиканын негиз болуучу принциптерине карама-каршы келген милдеттер жүктөлбөйт.
3. Расмий статистиканын башка жүргүзүүчүлөрүнүн тизмеги Улуттук статистика комитетинин төрагасы тарабынан иштелип чыгып, расмий статистиканын башка жүргүзүүчүлөрү менен макулдашуу боюнча сунуштамаларды берүү үчүн Статистика боюнча кеңешке жиберилет жана төмөнкү критерийлерди сактоо менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине бекитүүгө киргизилет:
1) расмий статистиканын башка жүргүзүүчүлөрү ушул Мыйзамдын жоболорун жана расмий статистиканын негиз болуучу принциптерин сактоого өз жөндөмдүүлүктөрүн жана даярдыктарын көрсөтүшөт;
2) статистиканын башка жүргүзүүчүлөрүнүн ортосунда пландалган натыйжалардын жана иш-чаралардын кайталанышына жол берилбейт;
3) статистиканын башка жүргүзүүчүлөрүнүн пландалган натыйжалары жана иш-чаралары респонденттерге кошумча оорчулукту жокко чыгарат.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий статистиканы жүргүзүү жана жайылтуу үчүн жооптуу түзүмдүк бөлүмдөрүнүн тизмеги "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык Статистика боюнча кеңешке берилет жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине маалыматтык формада гана жөнөтүлөт. (КР 2023-жылдын 1-февралындагы № 21, 2024-жылдын 22-апрелиндеги № 78 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 28.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 22 апреля 2024 года № 78 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам приведения в соответствие с банковским законодательством"Редакцияларды салыштыруу
- Закон Кыргызской Республики от 1 февраля 2023 года № 21 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об официальной статистике"Редакцияларды салыштыруу
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 11-августундагы № 92 "Кыргыз Республикасынын Улуттук бапкы жөнүндө" конституциялык МыйзамыКонституционный Закон · 11.08.2022 · № 92
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111929/st-9" title="9-берене - Расмий статистика жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>