Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
10-берене. Статистика боюнча кеңеш
Күчүндө · 28.07.2026 редакциясы · 3-глава
1. Статистика боюнча кеңеш расмий статистиканы жүргүзүүчүлөргө стратегиялык мүнөздөгү сунуштамаларды иштеп чыгуу боюнча иш-милдетти жүзөгө ашыруучу консультативдик кеңеш берүүчү орган болуп саналат.
2. Статистика боюнча кеңеш жөнүндө жобо Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан бекитилет.
3. Статистика боюнча кеңештин курамы Улуттук статистика комитетинин төрагасынын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан бекитилет.
Статистика боюнча кеңештин курамына ар түрдүү категориядагы пайдалануучулардын өкүлдөрү кирет. Мамлекеттик сектордун өкүлдөрү Статистика боюнча кеңештин көпчүлүгүн түзбөөгө тийиш.
4. Статистика боюнча кеңештин милдеттерине төмөнкүлөр кирет:
1) Улуттук статистика комитетине расмий статистиканы стратегиялык өнүктүрүү, ошондой эле статистикалык программаларга коомдун биринчи кезектеги маалыматтык керектөөлөрүн кошуу боюнча сунуштарды киргизүү;
2) статистикалык программалардын аткарылышын баалоо жана стратегиялык өнүгүү боюнча иштин аткарылышына мониторингди жүзөгө ашыруу;
3) расмий статистиканын принциптеринин сакталышын баалоо;
4) Статистика боюнча кеңештин иш регламентин кабыл алуу.
5. Статистика боюнча кеңеш жыл сайын өз иши жөнүндө ачык отчет берет.
6. Статистика боюнча кеңеш улуттук статистика тутумунун алкагында статистиканын айрым тармактарына, иштин багыттарына же түзүмдүк бөлүмдөрүнө карата статистикалык маалыматтардын сапатына жана алардын расмий статистиканын принциптерине ылайык келишине көз карандысыз тышкы баалоо жүргүзүүнү демилгелей алат.
Берененин тексти 28.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (3)
- КР Президентинин 2022-жылдын 11-майы ПЖ № 149 "Кыргыз Республикасынын Статистика боюнча кеңеши жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 11.05.2022 · № 149
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 20-январындагы ПЖ № 6 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 11-майындагы № 149 "Кыргыз Республикасынын Статистика…Указ · 21.01.2025 · № 6
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 20-январындагы ПЖ № 6 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 11-майындагы № 149 "Кыргыз Республикасынын Статистика…Указ · 20.01.2025 · № 6
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111929/st-10" title="10-берене - Расмий статистика жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>