КР «Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Мыйзамы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Закон КР от 18 января 2022 года № 4 "О введении в действие Налогового кодекса Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2022-01-18.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 18-январындагы № 4 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2019-жылдын 8-июлу № 79 Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
2019-жылдын 30-майында
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
1-берене. Кыргыз Республикасынын Салык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 8, 922-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 239-берене төмөнкүдөй мазмундагы 8-бөлүк менен толукталсын:
"8. Салык төлөөчү тарабынан өндүрүлгөн айыл чарба канаттуулары жана балыктар, айыл чарба канаттууларын жана балыктарды көбөйтүү боюнча ишти жүзөгө ашырган айыл чарба өндүрүүчүсү үчүн тоюттарды беримдер КНСтен бошотулган беримдер болуп саналат.";
2) Кодекс төмөнкүдөй мазмундагы 281-1-берене менен толукталсын:
"281-1-берене. Айрым субъекттерге импортко КНСтин суммасынын ордун толтуруунун жана/же кайра кайтаруунун өзгөчөлүктөрү
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүчү ТНВЭДдин товардык позициялары боюнча өндүрүү үчүн чийки затты алып келүүдө төлөнүүчү импортко КНСтин суммасы төмөнкүлөргө бюджеттен орду толтурулууга жана/же кайра кайтарылууга тийиш:
1) айыл чарба канаттууларын жана балык өстүрүү боюнча ишти жүзөгө ашырган айыл чарба өндүрүүчүсүнө;
2) айыл чарба канаттууларын жана балык өстүрүү үчүн тоюттарды өндүрүү боюнча ишти жүзөгө ашырып жаткан салык төлөөчүгө.
2. Импортко КНСтин суммасын кайра кайтаруу ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн чийки затты салык төлөөчү иш жүзүндө пайдаланууну документ аркылуу тастыктаган шартта айыл чарба канаттууларын жана балык өстүрүү үчүн тоюттарды өндүрүү үчүн жүзөгө ашырылат.
3. Ушул беренеде каралган импортко КНСтин суммасын кайра кайтаруу тартиби жана шарттары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.".
2-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. "Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 12-июлундагы N 58 жарыяланды Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти
С. Жээнбеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндөЗакон · 18.01.2022 · № 4
- Салык кодексиКодекс · 17.10.2008 · № 230 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндөЗакон · 18.01.2022 · № 4
- Салык кодексиКодекс · 17.10.2008 · № 230 · Күчүн жоготкон