1-берене
Күчүн жоготкон · 15.11.2021 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Конституционный Закон КР от 15 ноября 2021 года № 137.
"Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңеш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., № 6, 535-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 21-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Судьянын кызматын ээлеп турган Кеңештин мүчөсү өз ишин коомдук башталышта жүзөгө ашырат жана анын негизги иш орду боюнча эмгек акысы сакталат. Кеңеште иштөө мезгилинде судьянын кызматын ээлеп турган анын мүчөсү өзүнүн кызматтык милдеттерин аткаруудан бошотулат. Судьянын кызматын ээлеп турбаган Кеңештин мүчөсүнө шайланган учурдан тартып ай сайын материалдык сыйакы төлөнөт. Материалдык сыйакы төлөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган өлчөмдө, ыйгарым укуктуу орган тарабынан республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт.";
2) 22-берененин 2-1-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын.
Берененин тексти 15.11.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңеш жөнүндөЗакон · 13.06.2011 · № 40 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111924/st-1" title="1-берене - Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңеш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>