Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР «Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзамы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Закон КР от 18 января 2022 года № 4 "О введении в действие Налогового кодекса Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2022-01-18.
Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 18-январындагы № 4 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2019-жылдын 14-июну № 73 Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
2019-жылдын 8-майында
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
1-берене. Кыргыз Республикасынын Салык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 8, 922-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 4-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 31-33-пункттар менен толукталсын:
"31) "Ысытылган тамекиси бар буюмдар" - тамекини электрондук же тамекинин күйүү процессисиз башка ыкма менен ысытуунун натыйжасында пайда болгон аэрозолдон дем алуу үчүн багытталган тамекиси бар буюмдар.
32) "Никотин камтыган суюктук" - никотин камтыган жана аны ысытууда аэрозоль пайда болгон, дем алуу үчүн багытталган электрондук сигареттерде (картридждерде, резервуарларда жана башка контейнерлерде) пайдалануу үчүн багытталган суюктук.
33) "Электрондук сигареттер" - электрондук технологиялардын жардамы менен никотин камтыган суюктукту ысытуучу (картридждерде, резервуарларда жана башка электрондук сигареттерде пайдалануу үчүн контейнерлерде) жана дем алуу үчүн багытталган аэрозолду түзүүчү тамекиси жок буюмдар.";
2) 285-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 4-1 жана 4-2-пункттар менен толукталсын:
"4-1) ТНВЭД 2403 товардык позицияда классификацияланган, ысытылган тамекиси бар буюмдар; 4-2) ТНВЭД 3824 товардык позицияда классификацияланган, электрондук сигареттерде пайдалануу үчүн никотин камтыган суюктуктар;";
3) 287-берененин 1-бөлүгүнүн таблицасы төмөнкүдөй мазмундагы он жетинчи жана он сегизинчи саптар менен толукталсын:
"
Ысытылган тамекиси бар буюмдар (ысытылган тамеки таякчасы, тамекиси бар ысытылган капсула жана башка)
2403
тамеки аралашмасынын килограммы
2019-жылдын 1-июлунан тартып 2019-жылдын 31-декабрына чейин кошо алганда
0 сом
2020-жылдын 1-январынан тартып 2020-жылдын 31-декабрына чейин кошо алганда
610 сом
2021-жылдын 1-январынан тартып 2021-жылдын 31-декабрына чейин кошо алганда
700 сом
2022-жылдын 1-январынан тартып
800 сом
Электрондук сигареттерде пайдалануу үчүн картридждердеги, резервуарлардагы жана башка контейнерлердеги никотин камтыган суюктук:
3824
миллилитр
2019-жылдын 1-июлунан тартып 2019-жылдын 31-декабрына чейин кошо алганда
0 сом
2020-жылдын 1-январынан тартып 2020-жылдын 31-декабрына чейин кошо алганда
1 сом
2021-жылдын 1-январынан тартып 2021-жылдын 31-декабрына чейин кошо алганда
1,25 сом
2022-жылдын 1-январынан тартып
1,5 сом
".
2-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
С. Жээнбеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (4)
- Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндөЗакон · 18.01.2022 · № 4
- Салык кодексиКодекс · 17.10.2008 · № 230 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 5-мартындагы № 135 токтомуПостановление · 05.03.2020 · № 135
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 5-мартындагы № 135 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 22-апрелиндеги № 234 "Кыйыр салыктар боюнча салык отчетунун, товарларды ташып келүү жана…Постановление · 05.03.2020 · № 135 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндөЗакон · 18.01.2022 · № 4
- Салык кодексиКодекс · 17.10.2008 · № 230 · Күчүн жоготкон