1-берене
Күчүн жоготкон · 18.01.2022 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 18 января 2022 года № 4.
Кыргыз Республикасынын Салык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 8, 992-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 227-берененин 2-бөлүгү "261 - 263-1-беренелеринде" деген сөздөрдөн кийин "жана 375-беренесинин 2-бөлүгүндө" деген сөздөр менен толукталсын;
2) 372-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Ушул главада каралган салык режими акциздик товарларды өндүрүүнү жана сатып өткөрүүнү кошпогондо, Кыргыз Республикасынын калган аймактарына ташып келүүдө акциз жана КНС салынуучу тамеки продукцияларын өндүрүү жана сатып өткөрүү боюнча ишти жүзөгө ашыруучу 2000-жылга чейин катталган ишканалардан тышкары, Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында коюлуучу талаптарга ылайык ишти жүзөгө ашыруучу ЭЭЗ субъекттеринин ишине карата гана колдонулат.";
3) 373-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"373-берене. ЭЭЗ субъекти ЭЭЗ субъекти - ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан катталган (кайра катталган) жана ЭЭЗ башкы дирекциясында эсептик каттоодон өткөн юридикалык жак, ошондой эле "Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 11-январындагы № 6 Мыйзамы күчүнө киргенге чейин ЭЭЗ башкы дирекциясында мурда катталган филиалдар (өкүлчүлүктөр).";
4) 375-беренеде:
а) 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. ЭЭЗ субъектиси болуп саналбаган субъекттин өндүрүштө пайдалануу үчүн арналган товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү Кыргыз Республикасынын аймагынан ЭЭЗ субъектине берүүсүнө ушул Кодекстин 227-беренесинин 2-бөлүгүндө белгиленген ставка боюнча КНС салынат.";
б) 3-бөлүгүнүн экинчи абзацында "жалпы салык режимине ылайык салык салынат" деген сөздөр "ушул Кодекске ылайык КНС салынат" деген сөздөргө алмаштырылсын;
в) 4-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Товарларды ЭЭЗ чек арасы аркылуу алып өтүүдө алынуучу салыктарды администрациялоо Евразия экономикалык бирлигинин мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын бажы иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын ЭЭЗ жөнүндө мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.".
Берененин тексти 18.01.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (2)
- Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндөЗакон · 11.01.2014 · № 6
- Салык кодексиКодекс · 17.10.2008 · № 230 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111904/st-1" title="1-берене - Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>