1-берене. Ушул Мыйзамда пайдаланылуучу негизги түшүнүктөр жана терминдер
Күчүндө · 27.01.2025 редакциясы · 1-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 27 января 2025 года № 29
1. Ушул Мыйзамда төмөнкүдөй түшүнүктөр жана терминдер пайдаланылат:
1) кепилдик фонд - акционердик коом формасында түзүлүүчү, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында (мындан ары - Улуттук банк) эсептик каттоонун жол-жобосунан өткөн жана кепилдик ишин жүзөгө ашыруучу юридикалык жак;
2) кардар - жекече эмгектенген же ишкердик иш менен алектенген, финансы-насыялык уюмда/эл аралык финансылык уюмда коммерциялык каржылоо, бюджеттик насыялоо алган юридикалык жак же жеке жак, же бир бөлүгү кепилдик менен камсыз кылынган ипотекалык каржылоо же мамлекеттик программанын/долбоордун алкагында каржылоо алган жеке жак - Кыргыз Республикасынын жараны;
3) (КР 2025-жылдын 27-январындагы № 29 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
4) (КР 2025-жылдын 27-январындагы № 29 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
5) кардардын милдеттенмелери - финансы-насыялык уюмдан/эл аралык финансылык уюмдан алынган каржылоонун алкагында пайда болгон жана ушул Мыйзамдын талаптарына ылайык келүүчү милдеттенмелер;
6) кепилдик - берилген кепилдиктин суммасынын чегинде каржылоо келишимдери боюнча кардардын негизги карызы боюнча милдеттенмелердин бөлүгүн аткаруу үчүн кепилдик фонддун финансы-насыялык уюмдун/эл аралык финансылык уюмдун алдында жоопкерчилик тартуу милдеттенмеси;
7) кепилдик иши - кардарларга каржылоонун жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга өбөлгө түзүүчү жана кепилдиктерди берүү жолу менен финансы-насыялык уюмдардын/эл аралык финансылык уюмдардын насыялык тобокелдиктеринин бир бөлүгүн төмөндөтүүгө багытталган иш;
8) кепилдиктерди берүү саясаты - кепилдик фонддун ыйгарым укуктуу органы тарабынан бекитилүүчү, кепилдиктерди берүү тартибин жана шарттарын, кепилдик инструменттеринин түрлөрүн, кепилдиктерди берүүнүн принциптерин, кардарлардын милдеттенмелерин тандоонун критерийлерин жана талаптарын, ошондой эле тараптардын кепилдигинин амортизациялоо шарттарын жана жоопкерчилигин жөнгө салуучу, Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына жооп берүүчү документ;
9) кепилдик инструменттери - каржылоо келишимдери боюнча кардарлардын милдеттенмелерин камсыз кылуу үчүн пайдаланылуучу кепилдиктердин ар кандай формаларынын жана түрлөрүнүн жыйындысы;
10) финансы-насыялык уюмдар - Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын аларга берилген лицензияларынын (күбөлүктөрүнүн) негизинде банктык операцияларды жүзөгө ашырууга укуктуу банктар, банктык эмес финансы-насыялык уюмдар, ошондой эле кепилдик фонд менен кызматташуу жөнүндө макулдашуу түзгөн "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы" ААКы жана бюджеттик насыялоо жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу орган;
101) эл аралык финансылык уюмдар - мамлекеттер аралык (эл аралык) макулдашуулардын негизинде түзүлүүчү, Кыргыз Республикасында каржылоону жүзөгө ашыруучу жана кепилдик фонд менен кызматташуу жөнүндө макулдашуу түзгөн уюмдар;
11) каржылоо - финансы-насыялык уюм/эл аралык финансылык уюм тарабынан насыяны, ислам принциптерине ылайык каржылоону же тизмеги кепилдик фонд үчүн Улуттук банк тарабынан аныкталуучу аларды алмаштыруучуларды берүү;
12) мультипликатор коэффициенти - кепилдик фонддун жеке капиталынын өлчөмүнө карата кепилдик портфелдин көлөмүнүн мүмкүн болушунча ашуусуна Улуттук банк белгилеген мамиле;
13) кепилдик портфель - кардарлардын каржылоо келишимдери жана/же макулдашуулары боюнча белгилүү бир күнгө карата кепилдик фонддун жалпы милдеттенмелеринин көлөмү;
14) регресстик талап - кепилдик фонддун кепилдик келишими боюнча милдеттенмени аткаруу үчүн финансы-насыялык уюм тарабынан төлөнгөн сумманын ордун толтуруп берүүнү кардардан талап кылуу укугу;
Эскертүү: Ушул Мыйзамдын кыргыз тилиндеги текстинин 1-беренесинин 14-пунктунда "финансы-насыялык уюмдун" деген сөздөр табылбагандыгына байланыштуу өзгөртүү жана толуктоо жасалган жок.
15) кепилдик фонддордун катышуучулары - кепилдик фонддордун уюштуруучулары жана акционерлери.
2. Эгерде ушул Мыйзамда башкача аныкталбаса, ушул Мыйзамда пайдаланылуучу башка терминдер жана аныктамалар "Банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана эл аралык практикада алардын жалпы кабыл алынган маанисине ылайык түшүнүлөт.
(КР 2022-жылдын 5-августундагы № 86, 2024-жылдын 22-апрелиндеги № 78, 2025-жылдын 27-январындагы № 29, 2025-жылдын 27-январындагы № 29 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 27.01.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 27 января 2025 года № 29 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О гарантийных фондах в Кыргызской Республике"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 22 апреля 2024 года № 78 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам приведения в соответствие с банковским законодательством"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 5 августа 2022 года № 86 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О гарантийных фондах в Кыргызской Республике"Редакцияларды салыштыруу
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
Беренеде аталган актылар (2)
- Банктар жана банк иштери жөнүндөЗакон · 11.08.2022 · № 93
- Кыргыз Республикасындагы кепилдик фонддор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралууЗакон · 27.01.2025 · № 29
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111890/st-1" title="1-берене - Кыргыз Республикасындагы кепилдик фонддор жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>