13-берене
Күчүндө · 06.03.2024 редакциясы
"Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2014-ж., № 1, 6-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 4-беренеде:
а) "Кыргыз Республикасында" деген сөздөр "1. Кыргыз Республикасында" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) берене төмөнкүдөй мазмундагы 2-бөлүк менен толукталсын:
"2. Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодексинин 455-беренесинде белгиленген эркин бажы зонасы бажы жол-жобосунун өзгөчөлүктөрүн колдонуу максаттары үчүн Кыргыз Республикасында "Нарын" ЭЭЗ аныкталсын.";
2) 6-берененин 2-бөлүгүнүн биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Аймактын периметрин тосмолоого жана видео байкоо системасы менен жабдууга карата талаптарды кошуп алганда, ЭЭЗ аймагын ыңгайлаштырууга карата талаптар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет. ЭЭЗ аймагында контролдоо-өткөрүү режимин камсыз кылууга карата талаптар, анын ичинде мындай аймакка адамдарды киргизүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.";
3)13-беренеде:
а) 1-бөлүктө "жеңилдетилген" деген сөз "атайын" деген сөзгө алмаштырылсын;
б) 3-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Региондорду тездетип өнүктүрүү максатында түзүлгөн ЭЭЗ субъекттерине Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык салык төлөмдөрүн жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча төлөмдөрдү төлөө боюнча кошумча жеңилдиктер берилиши мүмкүн.".
Берененин тексти 06.03.2024 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
13-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (2)
- Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндөЗакон · 11.01.2014 · № 6
- Кыргыз Республикасынын Бажы кодексиКодекс · 12.07.2004 · № 87 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111884/st-13" title="13-берене - Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодекси жөнүндө келишимге кол коюуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>