12-берене
Күчүндө · 06.03.2024 редакциясы
"Этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү, алкоголдук продукцияны, сергитүүчү алкоголсуз жана алкоголу аз ичимдиктерди чекене сатууну жана керектөөнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 9, 856-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 6-берененин 7-бөлүгүндө "Кыргыз Республикасынын бажы аймагында эркин жүгүртүү үчүн чыгарууга" деген сөздөр "Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагында ички керектөө үчүн чыгарууга" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 8-берененин 1-бөлүгүнүн төртүнчү абзацында "жүктүн бажылык декларациясынын" деген сөздөр "товарларга декларациянын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
3) 10-беренеде:
а) 3-5-бөлүктөрдө ар кандай жөндөмө формалардагы "бажы" деген сөз алып салынсын;
б) 6-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6. Маркировкалоодо жана таңгактоодо интеллектуалдык менчик жаатындагы мыйзамдарды бузууга жол берилген алкоголдук продукцияны Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагына ташып кирүүгө тыюу салынат.".
Берененин тексти 06.03.2024 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
12-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111884/st-12" title="12-берене - Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодекси жөнүндө келишимге кол коюуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>