9-берене. Коррупциялык укук бузуулар тууралуу билдирген адамдардын укуктары жана милдеттери
Күчүндө · 22.01.2021 редакциясы
1. Коррупциялык укук бузуулар тууралуу билдирген адам төмөндөгүдөй укукка ээ:
1) өз укуктарын жана милдеттерин билүүгө;
2) мыйзамдарда каралган тартипте ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын чечимдерине даттанууга;
3) ыйгарым укуктуу органдарга коргоо чараларын кабыл алуу жөнүндө же аларды жокко чыгаруу тууралуу жазуу жүзундөгү арыз менен кайрылууга;
4) ушул Мыйзамда, башка ченемдик укуктук актыларда белгиленген учурларда жана тартипте материалдык сый акы алууга.
2. Коррупциялык укук бузуулар тууралуу билдирген адам төмөнкүлөргө
милдеттүү:
1) билдирилип жаткан коррупциялык укук бузууларды күбөлөндүрүүчү жетиштүү маалыматтарга ээ болууга;
2) прокуратура органдарынын, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын ушул Мыйзамда жана башка ченемдик укуктук актыларда каралган мыйзамдуу талаптарын аткарууга.
3. Атайылап жалган коррупциялык укук бузуулар тууралуу билдирген адамга
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик каралат.
Берененин тексти 22.01.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
9-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111829/st-9" title="9-берене - Коррупциялык укук бузуулар тууралуу билдирген адамдарды коргоо жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>