Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
10-берене. Мамлекеттик коргоону камсы i кылган органдардын укуктары жана милдеттери
Күчүндө · 22.01.2021 редакциясы
1. Мамлекеттик коргоону жүзөгө ашыруу тууралуу чечимди кабыл алуучу органдар
өзүнүн компетенциясынын чектеринде төмөнкүдөй укуктарга ээ:
1) мамлекеттик коргоону жүзөгө ашыруу тууралуу чечим кабыл алынган адамдардын коопсуздугуна коркунуч келтирилгендиги жөнүндө арыздар жана билдирүүлөр боюнча зарыл маалыматтарды бардык мамлекеттик бийлик органдарынан, жергиликтүү өз аддынча башкаруу органдарынан, юридикалык жана жеке жактардан суратып алууга жана аталган органдардан, юридикалык жана жеке жактардан алууга;
2) коррупциялык укук бузуулар жөнүндө билдирген адамдарды мамлекеттик коргоону жүзөгө ашыруу үчүн процесстик аракеттерди жүргүзуүгө же коопсуздук чараларын жүзөгө ашырган органдарга зарыл тапшырмаларды берүүгө;
3) коопсуздук чараларын жүзөгө ашырган органдардан зарыл болгон учурда мамлекеттик коргоонун кошумча чараларын кабыл алууну талап кылууга;
4) аталган чараларды жүзөгө ашырган органдар менен макулдашуу боюнча коопсуздук чараларын толук же жарым-жартылай жокко чыгарууга.
2. Коопсуздук чараларын жүзөгө ашыруучу органдар төмөнкүдөй укуктарга ээ:
1) ушул Мыйзамда каралган коопсуздуктун зарыл чараларын тандап алууга, аларды колдонуунун ыкмаларын аныктоого, зарыл болгондо коопсуздуктун колдонулуучу чараларын өзгөртүүгө жана толуктоого;
2) корголуучу адамдардан аларга карата колдонулуп жаткан коопсуздук чараларынын шарттарын сактоону, аталган чараларды колдонууга байланышкан мыйзамдуу тескемелерди аткарууну талап кылууга;
3) процесстик аракеттерди жүргүзуүдө же болбосо аларды жокко чыгарууда коопсуздук чараларын кабыл алуу жөнүндө сунуштама менен жазык иши өндүрүшүндө турган сотко (судьяга), прокурорго, алгачкы текшерүү органынын начальнигине же тергөөчүгө кайрылууга.
3. Мамлекеттик коргоону камсыз кылуучу органдар корголуучу адамга карата мамлекеттик коргоону жүзөгө ашыруу тууралуу токтом (аныктама) жарыяланганда ага анын укуктарын жана милдеттерин түшүндүрүп берүүгө милдеттүү.
Берененин тексти 22.01.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111829/st-10" title="10-берене - Коррупциялык укук бузуулар тууралуу билдирген адамдарды коргоо жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>