Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР «Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» МЫЙЗАМЫ
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Закон Кыргызской Республики от 3 марта 2023 года № 49 "О признании утратившими силу некоторых законодательных актов Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2023-03-03.
Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-мартындагы № 49 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2018-жылдын 23-октябры № 92 Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу 2018-жылдын 13-сентябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
1-берене. Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1999-ж., № 2, 77-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 18-глава төмөнкүдөй мазмундагы 202-1 жана 202-2-статьялар менен толукталсын:
"202-1-статья. Жаныбарларды идентификациялоо эрежелерин жана талаптарын бузуу "Жаныбарларды идентификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын бузуу -
- жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн - элүү өлчөмүндө, кызмат адамдарына - жетимиш беш өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.
202-2-статья. Биологиялык таштандыларды жыйноонун, утилдештирүүнүн жана жок кылуунун ветеринардык-санитардык эрежелерин бузуу, айыл чарба жана үй жаныбарларынын өлүктөрүн көмүү үчүн бөлүп берилген жайларды (мал көмүлгөн жайлар, биотермикалдык чуңкурлар жана крематорийлер) кармоонун эрежелерин бузуу, мал көмүлгөн жайлардын, биотермикалдык чуңкурлардын жана крематорийлердин аймагында малды жаюу Айыл чарба жана үй жаныбарларынын өлүктөрүн көмүү үчүн бөлүп берилген жайларда (мал көмүлгөн жайлар, биотермикалдык чуңкурлар жана крематорийлер) малды жаюу, -
- жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн элүү өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.
Биологиялык таштандыларды жыйноонун, утилдештирүүнүн жана жок кылуунун ветеринардык-санитардык эрежелерин бузуу, айыл чарба жана үй жаныбарларынын өлүктөрүн көмүү үчүн бөлүп берилген жайларды (мал көмүлгөн жайлар, биотермикалдык чуңкурлар жана крематорийлер) кармоонун эрежелерин бузуу, -
- жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн - элүү өлчөмүндө, кызмат адамдарына - жүз өлчөмүндө, юридикалык жактарга - жүз элүү өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.";
2) 509-статьянын 1-бөлүгү "195," деген цифралардан кийин "202, 202-1, 202-2," деген цифралар менен толукталсын.
2-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Президент
С. Жээнбеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- О признании утратившими силу некоторых законодательных актов Кыргызской РеспубликиЗакон · 03.03.2023 · № 49
- Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексКодекс · 04.08.1998 · № 114 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- Жаныбарларды идентификациялоо жөнүндөЗакон · 06.06.2013 · № 91
- О признании утратившими силу некоторых законодательных актов Кыргызской РеспубликиЗакон · 03.03.2023 · № 49