32-берене. Салык кызматынын органдары тарабынан салыктык эмес кирешелер боюнча администраторлорду жана/же башкы администраторлорду текшерүүнүн материалдарын кароо
Күчүндө · 06.08.2026 редакциясы · 8-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 29 октября 2025 года № 243
1. Эгерде салыктык эмес кирешелер боюнча администраторлор жана башкы администраторлор текшерүү актысы боюнча жазуу жүзүндөгү түшүндүрмөлөрүн же каршы пикирлерин беришпесе, аларды текшерүүнүн материалдары салык кызматынын органдарынын жетекчиси же жетекчисинин орун басары тарабынан администраторго жана/же башкы администраторго салыктык эмес кирешелер боюнча текшерүү актысы тапшырылган күндөн кийинки 10 күндөн кечиктирбестен каралат.
Ушул бөлүмдө белгиленген мөөнөттөрдө администратор жана/же башкы администратор тарабынан текшерүү актысы боюнча жазуу жүзүндөгү түшүндүрмөлөр же каршы пикирлер берилген учурда, текшерүүнүн материалдары администратордун жана/же башкы администратордун же алардын өкүлүнүн катышуусунда каралат. Мында текшерүүнүн материалдарын кароо мөөнөтү салык кызматынын органы администратордон жана/же башкы администратордон текшерүүнүн актысы боюнча жазуу жүзүндөгү түшүндүрмөлөрүн же каршы пикирлерин алган күндөн кийинки 10 күндөн кечиктирбестен белгиленет.
2. Салыктык эмес кирешелер боюнча администраторлорду жана/же башкы администраторлорду текшерүүнүн материалдарын салык кызматынын органдарынын кароо жана кароонун натыйжалары боюнча тийиштүү чечим чыгаруу тартиби ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан бекитилет.
3. Салыктык эмес кирешелер боюнча администраторлордун жана/же башкы администраторлордун жетекчилери текшерүүнүн материалдары каралган күндөн тартып 30 күндүн ичинде администратордун жана/же башкы администратордун салык кызматынын органынын текшерүү актысында көрсөтүлгөн бузууларга жол берген кызмат адамдарын тартиптик жоопкерчиликке тартат жана маалыматты ыйгарым укуктуу салык органына жиберет.
4. (КР 2025-жылдын 29-октябрындагы № 243 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
(КР 2025-жылдын 16-апрелиндеги № 75 , 2025-жылдын 29-октябрындагы № 243 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 06.08.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
32-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөрүнүн тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча чогултулду, жаңылары биринчи. Өзгөртүү киргизген актынын кабыл алынган күнү көрсөтүлгөн.
- Закон КР от 29 октября 2025 года № 243 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 16 апреля 2025 года № 75 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Кодекс Кыргызской Республики о неналоговых доходах, Кодекс Кыргызской Республики о правонарушениях)"Редакцияларды салыштыруу
29.10.2025 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…жана кароонун натыйжалары боюнча тийиштүү чечим чыгаруу тартиби алынып салынды: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети кошулду: ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан алынып салынды: белгиленет.
кошулду: бекитилет.
3. Салыктык эмес кирешелер боюнча администраторлордун жана/же башкы … тартат жана маалыматты ыйгарым укуктуу салык органына жиберет.
4. алынып салынды: Салыктык эмес кирешелер боюнча администраторду жана/же башкы администраторду текшерүүнүн материалдарын карап чыгуунун натыйжалары боюнча салык кызматы органынын чечиминин формасы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
кошулду: (КР 2025-жылдын 29-октябрындагы № 243 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
(КР 2025-жылдын 16-апрелиндеги № 75 алынып салынды: Мыйзамынын редакциясына кошулду: , 2025-жылдын 29-октябрындагы № 243 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Салык салуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөЗакон · 29.10.2025 · № 243
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111820/st-32" title="32-берене - Салыктык эмес кирешелер жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>