1-берене
Күчүндө · 26.07.2018 редакциясы
"Кооперативдер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2004-ж., № 10, 436-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 20-статьяда:
а) 8-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"8. Кооперативдин кеңешинин мүчөсү бир эле убакта башкармалыктын мүчөсү, башкармалыктын төрагасы же текшерүү комиссиясынын мүчөсү болушу мүмкүн эмес. Кооперативдин уставында көрсөтүлгөн органдарга мүчө болууну чектеген кошумча негиздер камтылышы мүмкүн.";
б) төмөнкүдөй мазмундагы 9-10-пункттар менен толукталсын:
"9. Кооперативдин башкармалыгынын мүчөлөрү, анын курамынан чыга турганын билдиргенде, кооперативдин мүчөлөрүнүн жалпы чогулушу алардын ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө чечимди кабыл алганга чейин кооперативдин кеңешине шайлана албайт.
10. Кооперативдин мүчөлөрүнүн жалпы чогулушунда кооперативдин кеңешинин мүчөлөрүн шайлоо өткөрүүдө, башкармалыктын төрагасы жана башкармалыктын мүчөлөрү андай талапкерлер жөнүндө сунуштарды берүүгө укуксуз.";
2) 21-статья төмөнкүдөй мазмундагы 8-пункт менен толукталсын:
"8. Кооперативдин кеңешинин компетенциясына тиешелүү маселелер алар тарабынан кооперативдин аткаруу органына чечүүгө өткөрүп берилбейт.".
Берененин тексти 26.07.2018 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Кооперативдер жөнүндөЗакон · 11.06.2004 · № 70
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111810/st-1" title="1-берене - Кооперативдер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>