Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР «Кооперативдер жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Мыйзамы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2018-жылдын 26-июлу № 70 "Кооперативдер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу 2018-жылдын 28-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
1-берене. "Кооперативдер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2004-ж., № 10, 436-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 20-статьяда:
а) 8-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"8. Кооперативдин кеңешинин мүчөсү бир эле убакта башкармалыктын мүчөсү, башкармалыктын төрагасы же текшерүү комиссиясынын мүчөсү болушу мүмкүн эмес. Кооперативдин уставында көрсөтүлгөн органдарга мүчө болууну чектеген кошумча негиздер камтылышы мүмкүн.";
б) төмөнкүдөй мазмундагы 9-10-пункттар менен толукталсын:
"9. Кооперативдин башкармалыгынын мүчөлөрү, анын курамынан чыга турганын билдиргенде, кооперативдин мүчөлөрүнүн жалпы чогулушу алардын ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө чечимди кабыл алганга чейин кооперативдин кеңешине шайлана албайт.
10. Кооперативдин мүчөлөрүнүн жалпы чогулушунда кооперативдин кеңешинин мүчөлөрүн шайлоо өткөрүүдө, башкармалыктын төрагасы жана башкармалыктын мүчөлөрү андай талапкерлер жөнүндө сунуштарды берүүгө укуксуз.";
2) 21-статья төмөнкүдөй мазмундагы 8-пункт менен толукталсын:
"8. Кооперативдин кеңешинин компетенциясына тиешелүү маселелер алар тарабынан кооперативдин аткаруу органына чечүүгө өткөрүп берилбейт.".
2-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Президент
С. Жээнбеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (1)
- Кооперативдер жөнүндөЗакон · 11.06.2004 · № 70
Шилтеме берет (1)
- Кооперативдер жөнүндөЗакон · 11.06.2004 · № 70
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.