9-берене
Күчүндө · 27.06.2025 редакциясы
"Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 11, 452-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-статьянын кырк үчүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
2) 6-статьянын 1-бөлүгүнүн он биринчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
3) 15-статьянын 5-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Зыяндуу заттарды абага чыгаруу, агызып чыгаруу, таштандыларды жайгаштыруу үчүн акы юридикалык жана жеке жактар тарабынан республикалык бюджетке чегерилет.";
4) 34-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"34-статья. Жаратылышты коргоо иш-чараларын каржылоо Жаратылышты коргоо иш-чараларын каржылоо республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин эсебинен жүргүзүлөт.";
5) 35-статья күчүн жоготту деп таанылсын;
6) 38-статьянын 7-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Өзгөчө экологиялык кырдаал жана экологиялык кырсык зоналарын калыбына келтирүү боюнча иш-чараларды каржылоо түздөн-түз күнөөлүүлөрдүн каражаттарынын эсебинен, ошондой эле республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин максаттуу каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт.";
7) 40-статьянын он төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- экологиялык камсыздандыруу тартибин бекитүү;";
8) 54-статьяда:
а) 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Соттун чечими боюнча өндүрүлүүчү зыяндын суммасы республикалык жана (же) жергиликтүү бюджетке чегерилет.";
б) 6-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Жарандардын ден соолугуна келтирилген зыян үчүн акчалай каражаттардын суммасы зыян келтирген жактан же ал өкүлү болгон ишканадан, мекемеден, уюмдан өндүрүлөт, ал эми аларды аныктоо мүмкүн болбогондо - тиешелүү бюджеттердин каражаттарынын эсебинен өндүрүлөт.".
Берененин тексти 27.06.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
9-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндөЗакон · 16.06.1999 · № 53
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111788/st-9" title="9-берене - Салыктык эмес кирешелер, ички аудит маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жана Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларын күчүн жоготту деп таануу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>