10-берене
Күчүндө · 27.06.2025 редакциясы
"Ички аудит жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 1, 25-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 3-берене төмөнкүдөй мазмундагы 9-пункт менен толукталсын:
"9) ички аудитордун квалификациялык сертификаты - ички аудит жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилген, ички аудитти жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон, ички аудитордун билим деңгээлин бышыктоочу документ.";
2) 10-берене төмөнкүдөй мазмундагы 8-пункт менен толукталсын:
"8) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте ички аудиторлорду сертификаттоону жүргүзөт.";
3) 17-беренеде:
а) берененин аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Ички аудиторду дайындоо тартиби";
б) берене төмөнкүдөй мазмундагы 1-1-бөлүк менен толукталсын:
"1-1. Ички аудитордун кызмат ордуна жогорку экономикалык билими жана экономикалык адистик боюнча бир жылдан кем эмес иш стажы же башка жогорку (экономикалык эмес) билими жана экономикалык адистик боюнча үч жылдык иш стажы, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген ички аудиторлордун кесиптик деңгээлине карата талаптарга ылайык ички аудитордун квалификациялык сертификаты бар Кыргыз Республикасынын жараны дайындалат.".
Берененин тексти 27.06.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
10-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Ички аудит жөнүндөЗакон · 26.01.2009 · № 25
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111788/st-10" title="10-берене - Салыктык эмес кирешелер, ички аудит маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жана Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларын күчүн жоготту деп таануу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>