10-берене. Кыргыз Республикасынын Президентинин областтардагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрүнүн, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын Жарандык коргонуу жаатындагы милдеттери
Күчүндө · 27.03.2023 редакциясы · 2-глава
Акыркы өзгөртүү: ЗАКОН Кыргызской Республики от 27 марта 2023 года № 71
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин областтардагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрү жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар:
1) Жарандык коргонуу боюнча комиссияларды, эвакуациялык комиссияларды түзөт жана алардын ишин координациялайт;
2) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Жарандык коргонуу жаатындагы чечимдерди кабыл алат;
3) тынчтык жана согуш мезгилине Жарандык коргонуу пландарын иштеп чыгат жана ишке ашырат жана аларды Жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашат;
4) Жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен өз ара аракетте ведомствого караштуу аймакта кырсыктын тобокелдигине мониторинг жүргүзүү, божомолдоо, баалоо жана өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча иш-чараларды жүргүзөт;
5) кооптуу жаратылыш процесстеринин зоналарында жер участокторун бөлүп берүүнүн алдын алуу максатында турак үйлөрдү, администрациялык жана өндүрүштүк имараттарды жана курулмаларды курууга жер участокторун бөлүп берүү жөнүндө чечимди Жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашат;
6) Жарандык коргонууну жүргүзүү үчүн зарыл болгон күчтөрдү жана каражаттарды даярдоону жана даярдыкта кармап турууну жүзөгө ашырат;
7) Жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен өз ара аракетте калкты коргонуу ыкмаларына жана өзгөчө кырдаалдардагы аракеттерге үйрөтүүнү уюштурат;
8) өзгөчө кырдаалдар коркунучунда жана ал келип чыкканда эвакуациялоо иш-чараларын жүргүзүү жөнүндө чечим кабыл алат жана аларды өткөрүүнү уюштурат;
9) Жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жазма буйруктарын жана көрсөтмөлөрүн аткарууну камсыз кылат;
10) түпкүлүгү кооптуу участоктордон калкты көчүрүү боюнча комплекстүү чараларды күн мурунтан көрөт;
11) өзгөчө кырдаалдардын келип чыгуу коркунучу же келип чыгышы жөнүндө калкка өз убагында кабарлоону камсыз кылат;
12) ведомствого караштуу объекттерде жана аймактарда келип чыккан өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча чараларды көрөт;
13) тынчтык мезгилде материалдык-техникалык, азык-түлүк, медициналык, жеке жана жамааттык коргонуу каражаттарынын запастарын түзүү жана даярдыкта кармоо үчүн жыл сайын республикалык бюджетте финансылык каражаттарды караштырат.
2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын милдеттери:
1) Жарандык коргонуу боюнча комиссияларды, эвакуациялык комиссияларды түзөт жана алардын ишин координациялайт;
2) Жарандык коргонууну уюштуруу жана жүргүзүү боюнча жооптуу кызматкерлерди дайындайт;
3) өз компетенцияларынын чектеринде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Жарандык коргонуу жаатындагы чечимдерди кабыл алат;
4) Жарандык коргонуу пландарын иштеп чыгат жана ишке ашырат, аларды Жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашат;
5) ведомствого караштуу аймакта кырсыктардын тобокелдиктерин божомолдоо, баалоо жана өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча иш-чараларды жүргүзөт;
6) кооптуу жаратылыш процесстер зонасында жер участокторунун бөлүп берилишинин алдын алуу максатында турак үйлөрдү, администрациялык жана өндүрүштүк имараттарды жана курулмаларды курууга жер участокторун бөлүп берүү жөнүндө чечимдерди Жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашат;
7) Жарандык коргонууну жүргүзүү үчүн зарыл күчтөрдү жана каражаттарды даярдоону жана даярдыкта кармоону жүзөгө ашырат;
8) Жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен өз ара аракетте калкка өзгөчө кырдаалдарда коргоо жана аракеттенүү ыкмаларын маалымдоону жана үйрөтүүнү жүзөгө ашырат;
9) өзгөчө кырдаалдар коркунучунда жана ал келип чыкканда эвакуациялоо иш-чараларын жүргүзүү жөнүндө чечим кабыл алат жана алардын аткарылышын уюштурат;
10) калкты түпкүлүгү кооптуу участоктордон көчүрүү боюнча комплекстүү чараларды күн мурунтан көрөт;
11) өзгөчө кырдаалдардын келип чыгуу коркунучу жөнүндө же келип чыгышы жөнүндө калкка өз убагында кабарлоону Жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен биргеликте камсыз кылат;
12) ведомствого караштуу объекттерде жана аймактарда келип чыккан өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча чараларды көрөт;
13) Жарандык коргонуу жана кырсык тобокелдигин азайтуу боюнча иш-чараларды жүргүзүүгө финансылык каражаттарды жергиликтүү бюджетте караштырат жана бөлүп берет;
14) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өздөрүнүн ыйгарым укуктарынын чектеринде Жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жазма буйруктарын жана көрсөтмөлөрүн аткарууну камсыз кылат.
(КР 2023-жылдын 27-мартындагы № 71 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 27.03.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
10-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- ЗАКОН Кыргызской Республики от 27 марта 2023 года № 71 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О Гражданской защите"Редакцияларды салыштыруу
27.03.2023 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
Кыргыз Республикасынын алынып салынды: Өкмөтүнүн кошулду: Президентинин областтардагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрүнүн, жергиликтүү … Жарандык коргонуу жаатындагы милдеттери
1. Кыргыз Республикасынын алынып салынды: Өкмөтүнүн кошулду: Президентинин областтардагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрү жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар:
1) Жарандык коргонуу боюнча кошулду: комиссияларды, эвакуациялык комиссияларды түзөт жана алардын ишин координациялайт;
2) Кыргыз … башкаруу органдарынын милдеттери:
1) Жарандык коргонуу боюнча кошулду: комиссияларды, эвакуациялык комиссияларды түзөт жана алардын ишин координациялайт;
2) Жарандык … жана кесепеттерин жоюу боюнча чараларды көрөт;
13) Жарандык коргонуу кошулду: жана кырсык тобокелдигин азайтуу боюнча иш-чараларды жүргүзүүгө финансылык каражаттарды жергиликтүү … жазма буйруктарын жана көрсөтмөлөрүн аткарууну камсыз кылат.
кошулду: (КР 2023-жылдын 27-мартындагы № 71 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (3)
- Сокулук айылдык кеңешинин 2020-жылдын 10-апрелиндеги № 01-6-17 "Таажывирус инфекциянын (Covid-19) жайылышын алдын алуу үчүн каражат бөлүү жөнүндө" токтомуПостановление · 10.04.2020 · № 01-6-17
- 2030-жылга чейин Кыргыз Республикасында өзгөчө кырдаалдарга комплекстүү мониторинг жүргүзүүнүн жана божомолдоонун бирдиктүү системасын өнүктүрүү концепциясы (КР Министрлер…Концепция · 24.04.2025 · № 232
- Сокулук айылдык Кеңешинин 2020-жылдын 11-январындагы №01-6-17 "Коронавирустук инфекциянын (Covid-19) жайлышын алдын алуу үчүн кражат бөлүү жөнүндө"Постановление · 10.04.2020 · № 01-6-17
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111787/st-10" title="10-берене - Жарандык коргонуу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>