Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
7-берене. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктары
Күчүндө · 27.06.2024 редакциясы · 2-глава
Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары:
1) ушул Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын Жер кодексинде белгиленген учурларда, лицензияда аныкталган мөөнөттөргө жер бөлүндүсүн жана жер тилкелерин убактылуу пайдалануу укугун берет;
2) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген чектерде санитардык коргоо зоналарын түзүүнү милдеттүү түрдө эсепке алуу менен сууну топтоочу курулмалар үчүн жерлерди бөлүп берет;
3) лицензиаттардын лицензиялык аянтка тоскоолдуксуз жетүүсүн камсыз кылат;
4) пайдалуу кендерди өз алдынча казып алууга бөгөт коёт;
5) кендерди иштетүүдө же жер казынасын геологиялык изилдөөдө пайдаланылган тоо-кен жана башка мүлктү жоюуга жана консервациялоого, ошондой эле жер тилкелерин рекультивациялоого катышат;
6) администрациялык-аймактык бирдиктин чегинде жайгашкан жер казынасынын тилкелерине конкурстарды жана аукциондорду өткөрүү боюнча комиссиялардын ишине катышат;
7) жер казынасын пайдалануу долбоорлорунун коомдук экологиялык экспертизасын уюштурат;
8) жер казынасын пайдалануучулардын иш-аракетине мыйзамсыз кийлигишүүнү токтотуу максатында жергиликтүү калктын арасында иш жүргүзөт;
9) жалпы мамлекеттик маанидеги жер казынасынын объектилери жайгашкан административдик-аймактык бирдиктин аймагында жашаган жергиликтүү калк үчүн социалдык пакеттерге жана аларды ишке ашыруу боюнча жылдык отчётторго жеткиликтүүлүктү камсыздайт. Социалдык пакеттер жана аларды ишке ашыруу боюнча жылдык отчеттор аларга кол коюлган күндөн жана/же алынган учурдан тартып жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жергиликтүү мамлекеттик администрациянын имараттарында сакталууга тийиш;
10) алтын чайкоо иштери боюнча жеке ишкерлердин реестрин жүргүзөт жана мамлекеттик каттоону жүргүзөт;
11) ушул Мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жер казынасын пайдалануу боюнча башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
Берененин тексти 27.06.2024 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (5)
- Ильич айылдык кеңешинин 2023-жылдын 11-ноябрындагы № 28-1/25 "Жер казынасын пайдалануу үчүн жер участогун убактылуу пайдаланууга берүү жөнүндө" токтомуПостановление · 11.11.2023 · № 28-1/25
- Ильич айылдык кеңешинин 2021-жылдын 13-августундагы № 28-4/29 "Карагайлибулак акиташ кенин, Чыгыш участогун ижара шартында иштетүүгө жер участогун убактылуу пайдаланууга берүүгө…Постановление · 13.08.2021 · № 28-4/29
- Ильич айылдык кеңешинин 2021-жылдын 13-августундагы № 28-4/30 Карагайлибулак кенинин түндүк-чыгыш участогунда геологиялык чалгындоо иштерине жер участогун ижара шартында…Постановление · 13.08.2021 · № 28-4/30
- Кызыл-Туу айылдык кеңешинин 2020-жылдын 28-январындагы № 17-6 "Жер казынасынан пайдаланууну ижарага берүү жөнүндө" токтомуПостановление · 28.01.2020 · № 17-6
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын -3-июнундагы № 295 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Жер казынасы жөнүндө", "Жер казынасын пайдаланууда продукцияны бөлүштүрүү жөнүндө…Постановление · 03.06.2020 · № 295
Беренеде аталган актылар (1)
- Жер кодексиКодекс · 02.06.1999 · № 45 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111782/st-7" title="7-берене - Жер казынасы жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>