Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Ильич айылдык кеңешинин Карагайлибулак кенинин түндүк-чыгыш участогунда геологиялык чалгындоо иштерине жер участогун ижара шартында убактылуу пайдаланууга берүүгө макулдук берүү жөнүндө» токтому
ИЛЬИЧ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
2021-жылдын 13-августу № 28-4 / 30 Карагайлибулак кенинин түндүк-чыгыш участогунда геологиялык чалгындоо иштерине жер участогун ижара шартында убактылуу пайдаланууга берүүгө макулдук берүү жөнүндө Ильич айыл өкмөтүнүн башчысы К.Р. Жетенбаевдин маалыматын угуп, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 83.1, 81.3-беренелерин, Кыргыз Республикасынын "Жер казынасы жөнүндө" Мыйзамынын 6, 7 жана 18-беренелерин жана №3-аукциондун жыйынтыгы жөнүндө 04.12.2020-жылдагы протоколун протоколун негизинде, Ильич айылдык кеңеши;
ТОКТОМ кылды:
1. Карагайли капчыгайындагы Ильич айылындагы контурдан 11,66 га жалпы аянты ижара шартында убактылуу пайдаланууга жер участогун берүүгө макулдук берилсин 210/2,75; 211/0,04; 216/4,29; 217/0,36; 244/0,02; 739/0,69; 740/0,02; 743/2,08; 745/0,85; 746/1,23; 747/0,48 "Шылин" ЖЧК, юридикалык жакты мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүк 192953-3300-ЖЧК 07.10.2020-жылдан баштап, Карагайлибулак кенинин Түндүк-Чыгыш участогунда геологиялык чалгындоо иштери үчүн 3 жылдык жана 2,5 айлык мөөнөткө, 25.08.2021 – 14.11.2024 жылга чейин геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүү максатында жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияга ылайык 6824 ТР 192953-3300-ЖЧК 14.12.2020ж, лицензиялык келишим №1 14.12.2020 жана аукциондун жыйынтыгы жөнүндө протокол №3 04.12.2020-ж.
2. Ильич айыл өкмөтүнүн башчысы Кемин райондук мамлекеттик администрациясына Түндүк-Чыгыш Карагайлибулак кенинин участогунда геологиялык чалгындоо иштерине ижара шартында "Шылин" ЖЧК жер участогун убактылуу пайдаланууга берүү жөнүндө тиешелүү чечим чыгаруу өтүнүчү менен кат менен кайрылсын.
3. Каттоону жүргүзүү жана укук белгилөөчү документтерди берүү "Кадастр" мамлекеттик ишканасынын Кемин райондук филиалынан суралсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ильич айыл өкмөтүнүн башчысына К. Р. Жетенбаевге милдеттендирилсин.
Ильич айылдык кеңешинин төрагасы
М.Э.Абакеев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Жер казынасы жөнүндөЗакон · 19.05.2018 · № 49
- Жер кодексиКодекс · 02.06.1999 · № 45 · Күчүн жоготкон