Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
4-берене. Ушул Мыйзамда колдонулган терминдер
Күчүндө · 27.06.2024 редакциясы · 1-глава
Ушул Мыйзамда төмөнкүдөй терминдер колдонулат:
1) бенефициар - жер казынасын пайдалануучунун жана/же төмөнкүдөй жолдор аркылуу жер казынасын пайдалануу укугун алууга арыз берүүчүнүн акыркы ээси болуп саналган жеке жак, мамлекет:
а) акциялардын же уставдык капиталдагы катышуу үлүшүнүн 10 жана андан көп пайызына тике жана/же кыйыр ээлик кылуу; жана/же
б) башкаруунун жогорку органынын 10 жана андан көп пайызына тике жана/же кыйыр ээлик кылуу; жана/же
в) башкаруу органдарынын мүчөлөрүн тике жана/же кыйыр дайындоо жана/же чакыртып алуу;
2) бонус - Кыргыз Республикасынын Салык кодексине ылайык жер казынасын пайдалануу укугу үчүн төлөнүүчү салык;
3) калыбына келүүчү пайдалуу кен чыккан жерлер - иштеткенде табигый жолдор менен калыбына келүүчү, дарыя нугундагы кум-шагыл жаткан жерлер;
4) иргеп иштетүү - жер казынасынын калган запастарындагы өнөр жай баалуулуктарын төмөндөтүү менен жер казынасынан кыйла өндүрүмдүү запастарды иргеп алуу аркылуу техникалык долбоордун бузулушу;
5) жер казынасы жөнүндө геологиялык маалымат - жер казынасынын геологиялык түзүлүшү жана өнүгүү тарыхы, курамы, тоо породалары, жер алдындагы суулар, казып алынуучу пайдалуу кендер жана башка геологиялык түзүлүштөр жөнүндө, геофизикалык жана геохимиялык талаалар тууралуу, ошондой эле жер казынасын иликтөөнүн жана пайдалануунун жолдору жана натыйжалары жөнүндө, алынган минералдык чийки заттар тууралуу геологиялык отчеттордо, карталарда, сынамдарда, сыноо протоколдорунда жана башка материалдарда камтылган геологиялык, тоо-кендик-техникалык, технологиялык, экономикалык маалыматтар (көрсөткүчтөр);
6) геологиялык маалыматтык ресурстар - жер казынасы жөнүндө геологиялык жана башка маалыматтар камтылган жыйынды документтер жана геологиялык материалдар;
7) геологиялык бөлүндү жер - жер казынасын геологиялык изилдөө үчүн берилүүчү жана бурчтук чекиттери менен координаттардын тик бурчтуу эки өлчөмдүү системасындагы графикалык документтерде аныкталган жер казына тилкеси;
8) жер казынасын геологиялык иликтөө - геологиялык-издөө, геологиялык чалгындоо, региондук-геологиялык сүрөткө тартып алуу, геологиялык, геофизикалык жана башка иш түрлөрүн жүргүзүү;
9) геологиялык-издөө иштери - региондук, жалпы жана тарамдык издөөнү, ошондой эле пайдалуу казындылардын көрүнүштөрүн жана кендерин алардын божомолдонгон ресурстарын баалоо жана аларда геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүнүн максатка ылайыктуулугуна баа берүү менен ачууга багытталган издөөчү-баалоочу иштерди камтыган геологиялык изилдөөлөр;
10) геологиялык чалгындоо иштери - жер казына тилкелерин, анын ичинде жер астындагы сууларды жана жылуулук ресурстарын алдын ала жана тарамдап чалгындоо стадияларын камтыган, пайдалуу кендердин санын жана сапатын, алардын технологиялык касиеттерин, геологиялык, тоо-кендик-техникалык, гидрогеологиялык жана башка шарттарын аныктоо менен аларды изилдөө жана иштетүүгө даярдоо максатындагы геологиялык изилдөөлөр;
11) тоо-кендик мүлк - жер казынасын пайдалануучу тарабынан түзүлгөн же сатып алынган жер, тоо-кендик же геологиялык бөлүндү жерлердин чегинде жер казынасын пайдаланууну камсыз кылуучу кыймылсыз мүлк;
12) тоо-кендик бөлүндү жер - тереңдиги тиешелүү пайдалуу кендердин тереңдиги менен аныкталып, пайдалуу кендерди иштетүү үчүн берилген жана графикалык документте бурчтук чекиттери менен координаттардын тик бурчтуу үч өлчөмдүү системасында аныкталган жер казынасынын тилкеси, ошондой эле пайдалуу кендерди иштетүү менен байланышпаган объекттерди жайгаштыруу үчүн берилүүчү жер казынасынын тилкеси;
13) пайдалуу кендердин тобу - жалпы белгилери менен бириктирилген пайдалуу кендердин түрлөрү. Бул Мыйзамдын максаттары үчүн пайдалуу кендердин төмөндөгү топтор бөлүнүп көрсөтүлдү:
а) 1-топ - мунай жана газ;
б) 2-топ- тузсуз жана жер алдынан чыгуучу минералдык суулар;
в) 3-топ - башка пайдалуу кендер;
14) скважинанын дебити - убакыт бирдиги ичинде скважинадан казып алууга мүмкүн болгон пайдалуу кендин максималдуу саны;
15) баланстан тышкаркы запастар - эсепке алуу же кайра эсепке алуу учуруна карата экономикалык жактан максатка ылайыксыз же болбосо иштетүүгө мүмкүн болбогон катары Кыргыз Республикасынын Пайдалуу кендеринин мамлекеттик балансында эсепке алынган пайдалуу кендеринин запастары;
16) жер казынасын пайдалануу үчүн берилүүчү жерлер - ушул Мыйзамда каралган жер казынасын пайдалануу укугунун лицензиясынын, концессиялык келишимдин, продукцияны бөлүү жөнүндө макулдашуунун жана мамлекеттик каттоонун негизинде пайдалуу кендерди иштетүү үчүн жана графикалык документацияда тик бурчтуу координата тутумунда бурчтук чекиттери менен аныкталуучу инфраструктуранын башка объекттерин (жолдор, кампалар, калдык сактоочу жерлер, электр берүү линиялары, вахта поселогу жана башка жер казынасын пайдалануу максатында гана колдонулуучу инфраструктура объекттери) куруу үчүн жер казынасын пайдалануучуга берилген жерлер;
17) санитардык коргоо зонасы - суу менен жабдуу булагынын жана суу курулмаларынын айланасындагы, алардын булганышын же ыпласталышын жокко чыгаруучу же чектөөчү өзгөчө режим белгиленүүчү аймак;
18) инфраструктура - жер казынасын пайдалануу ишмердүүлүгүн түзгөн жана камсыз кылган өз ара байланыштуу түзүмдөрдүн жана/же объекттердин комплекси;
19) казып алуу тармактарынын ачыктыгынын демилгеси (мындан ары - КТАД) - өнөр жайдын кен казып алуучу тармактарынын ишинен түшүүчү кирешелердин ачыктыгын камсыз кылууга көмөктөшүүчү, компаниялардын төлөмдөрүн жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети алуучу кирешелерди салыштырууну жана кеңири коомчулукка үзгүлтүксүз маалымдоону кароочу глобалдык эл аралык стандарт;
191) геологиялык маалыматтардын топтому - жер казынасынын конкреттүү участогу боюнча кагаз жана/же электрондук алып жүрүүчүдө жазылган, жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан түзүлүүчү, колдо бар болгон геологиялык, тоо-кен-техникалык, технологиялык жана башка маалыматтардын жыйындысы, ошондой эле Мамлекеттик геологиялык маалымат фондунда болгон маалымат;
20) консервация - токтотулган иштерди улантуу мүмкүнчүлүгүн сактоо менен геологиялык-издөө, геологиялык чалгындоо иштерин жана/же пайдалуу кен чыккан жерлерди иштетүүнү жана/же тоо-кендик жана башка мүлктү куруу жана иштетүү менен байланышкан иштерди убактылуу токтотуу;
21) тоо-кендик мүлктү жоюу - жер казынасын пайдалануу токтотулганда жүргүзүлүүчү жана мүлктү андан ары пайдалануунун мүмкүнчүлүгүн жокко чыгаруучу, ошондой эле калктын өмүрүн жана ден-соолугун, жер казынасын жана айлана-чөйрөнү коргоону камсыз кылуучу иш-чаралардын комплекси;
22) лицензиат - жер казынасын пайдалануу укугуна лицензиясы бар жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык катталган жеке же юридикалык жак;
23) лицензиялык аянт - жер казынасын пайдалануу укугуна лицензия берилген жана графикалык документте бурчтук чекиттери менен координаттардын тик бурчтуу эки өлчөмдүү системасында белгиленген тоо-кендик жана геологиялык бөлүндү жерлерге туура келүүчү жер бетинин үстүндөгү тилкеси; лицензиялык аянттын өлчөмү чарчы километр же гектар менен ченелет;
24) лицензиялык орган (лицензиар) - жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган;
25) лицензиялык макулдашуу - жер казынасын пайдалануунун шарттары аныкталуучу, лицензиянын ажыралгыс бөлүгү;
26) жер казынасын пайдалануу укугуна лицензия - ушул Мыйзамга ылайык лицензиялык орган берүүчү, жер казынасынын тилкесин пайдалануу укугун күбөлөндүрүүчү документ;
27) пайдалуу кен чыккан жерлер - иштетилүүсү өнөр жайлык максатка ылайыктуу болгон, бааланган пайдалуу кендерди камтыган жер казынасынын тилкеси;
28) жер казынасы - кыртыштык катмардан, ал болбогондо жер үстүнөн жана көлмөлөрдүн жана агын суулардын түбүнөн төмөн жайгашкан, пайдалуу кендердин чачылма заттарын кошуп алганда, геологиялык изилдөө жана өздөштүрүү үчүн жеткиликтүү болгон тереңдиктерге чейинки жер катмарынын бөлүгү;
29) көз карандысыз экспертиза - мыйзамдарда белгиленген тартипте аккредиттөөдөн өткөн, көз карандысыз жактар тарабынан жүргүзүлүүчү тиешелүү иштерди жүргүзүүгө карата техникалык долбоорлордун экспертизасы;
30) лицензиянын номери - Кыргыз Республикасынын аймагында уникалдуу болгон Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте лицензияга ыйгарылуучу номер;
31) жер казынасын коргоо - Кыргыз Республикасынын тиешелүү мыйзамдарында белгиленген жер казынасын сарамжалдуу пайдаланууну камсыз кылуу боюнча чаралардын комплекси;
32) (Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 6-майындагы № 82 Мыйзамына ылайык күчүн жоготот)
33) геологиялык изилдөөлөрдүн алгачкы материалдары - скважинаны бургулоонун керни, мунайзаттын, суунун, газдын сынамыктары, таш материалдарынын үлгүлөрү, ар түрдүү багыттагы коллекциялар, сынамыктардын дубликаттары, шлифтер жана башкалар менен көрсөтүлгөн табигый булактардагы маалымат (буюм маалыматы); талаа байкоо журналын жана документтерди, анын ичинде санариптик документтерди, сынамык журналдарын, сынамыктардын анализдеринин жыйынтыктарын, геофизикалык байкоо жазууларын жана башка ушул сыяктуу материалдарды кошуп алганда, жасалма (кагаз, магнит жана башка) булактардагы маалымат;
34) лицензияны кармап калуу үчүн жыйым (ЛКЖ) - лицензиат жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны кармап калуу үчүн ушул Мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын салыктык эмес кирешелер жөнүндө мыйзамдарына ылайык төлөй турган акчалай сумма;
35) пайдалуу кендер - химиялык курамы жана физикалык касиеттери материалдык өндүрүш жана керектөө чөйрөсүндө пайдаланууга мүмкүнчүлүк берген, жер казынасында жана техногендик түзүлүштөрдө камтылган табигый минералдык ресурстар, анын ичинде көмүр суутектер жана жер астындагы суулар, ошондой эле жердин үстүндө жайгашкан минералдар жана табигый мүнөздөгү катуу тоо тектери;
36) жер казынасын пайдалануу - техногендик түзүлүштөрдөн пайдалуу кендерди бөлүп алуу боюнча иштерди кошуп алганда жер казынасынын айрым тилкесин пайдалануу;
37) жер казынасын пайдалануучу - жер казынасын пайдаланууга укуктуу жеке же юридикалык жак.
38) жер казынасын пайдалануу укугун токтотуу - жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечиминин негизинде лицензияны жокко чыгаруу, ошондой эле концессиялык келишимди же продукцияны бөлүштүрүү жөнүндө макулдашууну токтотуу;
39) жер казынасын пайдалануу укугун убактылуу токтотуу - тоо-кен мүлкү сакталган, бузулбаган, адамдар жана айлана-чөйрө үчүн коопсуз абалда кармап туруу боюнча иштерди кошпогондо, жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган табылган мыйзам бузууларды четтетүү үчүн, ошондой эле форс-мажордук жагдайлар таасир кылган учурларда жер казынасын пайдалануучуга карата колдонуучу, жер казынасын пайдалануу укугун убактылуу чектөө;
40) пайдалуу кендердин көрүнүштөрү - белгиленген тартипте кен чыгуучу жер деп эсептелбеген, жер казынасындагы пайдалуу кендердин табигый (анын ичинде жер астындагы суулар);
41) пайдалуу кендерди иштетүү - жер казынасынан пайдалуу кендерди чогултуу, чыгарып алуу жана аларды кайра иштетүү (анын ичинде жер алдындагы сууларды алуу), ошондой эле техногендик түзүлүштөрдү кайра иштетүү боюнча пайдалуу кендер жаткан жерлердеги иштер;
42) рекультивация - бузулган жерлердин түшүмдүүлүгүн жана эл чарбалык маанисин калыбына келтирүүгө багытталган иш-чаралардын комплекси;
43) роялти - Кыргыз Республикасынын Салык кодексине ылайык жер казынасын пайдалануу үчүн төлөнүүчү салык;
44) сервитут - жер казынасын пайдалануу максаттары үчүн жерге, тоо-кендик жана/же геологиялык бөлүндүлөргө жетүүгө карата чектелген укук;
45) скважина - тегерек кесилиштеги, жер үстүнөн же жер астындагы иштетилген орундан адамдын баруусуз эле, горизонтко карата кайсы болбосун бурч менен бургуланган, диаметри анын тереңдигинен кыйла аз болгон тоо-кендик иштетүү;
46) коштогон пайдалуу кендер жана компоненттер - казып алынышы негизги пайдалуу кендер менен бирге жүзөгө ашырылуучу, ал эми бөлүп алынуусу жана өнөр жайлык пайдаланылуусу негизги минералдык чийки затты кайра иштетүү процессинде технологиялык жактан мүмкүн жана экономикалык жактан максатка ылайыктуу болгон пайдалуу кендер жана компоненттер;
47) социалдык пакет - бул жалпы мамлекеттик маанидеги жер казынасынын пайдалануу объектиси жайгашкан региондун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө көмөктөшүү жөнүндө жер казынасын пайдалануучу менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын ортосундагы ыктыярдуу макулдашуу, ал жергиликтүү коомчулукту өнүктүрүүнүн социалдык-экономикалык программасынын негизинде даярдалат;
48) техникалык-экономикалык негиздеме (ТЭН) - пайдалуу кенди иштеп чыгуу жана аны ишке ашыруунун экономикалык максатка ылайыктуулугун баалоо долбоорунун биологиялык, техникалык жана экономикалык параметрлерин камтыган документ;
49) техникалык долбоор - пайдалуу кен чыккан жерлерди жана/же техногендик заттарды геологиялык иликтөө, өнөр жайлык өздөштүрүү үчүн зарыл болгон, тоо-кендик долбоордун геологиялык, тоо-кендик, технологиялык (байытуучу жана/же металлургиялык), финансы-экономикалык бөлүктөрүн жана жер тилкелерин рекультивациялоону камтыган кен-кесири (жумушчу) талдоочу жана графикалык документтер;
50) техногендик заттар - тоо-кен казып алуу, байытуу жана металлургиялык өндүрүш калдыктары болуп саналган, пайдалуу компоненттер камтылган минералдык заттардын, тоо-кен массаларынын топтолушу.
51) жер казынасынын тилкеси - жер казынасынын мейкиндик чектери бар геометриялаштырылган бөлүгү;
52) форс-мажор - жер казынасын пайдалануунун шарттарын аткарууга тоскоолдук кылуучу жана татаалдантуучу ал жеткис күч жагдайы. Ал жеткис күч - жер титирөө, суу ташкыны сыяктуу табигый кырсыктардын же курчоонун, согуштун, иш таштоонун жана алдын ала айтууга же болтурбай коюуга мүмкүн болбогон же болбосо алдын ала айтууга мүмкүн болбогон, бирок токтотуп калууга мүмкүн эмес башка жагдайлардын натыйжасында келип чыгуучу өзгөчө жана четтетүү мүмкүн болбогон жагдайлардын пайда болушу;
53) экономикалык (баланстык) запастар - иштетүү үчүн экономикалык жактан максатка ылайыктуу катары Кыргыз Республикасынын пайдалуу кендеринин запастарынын Мамлекеттик балансында эсепке алынган пайдалуу кендердин запастары.
(Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 23-мартындагы № 29, 2021-жылдын 26-июнундагы № 81, 2022-жылдын 23-июнундагы № 48, 2024-жылдын 6-майындагы № 82 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 27.06.2024 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 6 мая 2024 года № 82 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О Недрах", "О биосферных территориях")Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 23 июня 2022 года № 48 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О недрах"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 26 июня 2021 года № 81 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О недрах"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 23 марта 2020 года № 29 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере взимания неналоговых доходов и признании утратившим силу Закона Кыргызской Республики "О государственных гарантиях отдельным категориям партийных руководителей Киргизской ССР"Редакцияларды салыштыруу
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (4)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-ноябрындагы № 561 "Жер казынасын пайдалануу укуктарын лицензиялоо маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 29.11.2018 · № 561
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-ноябрындагы № 561 токтомуна "Жер казынасын пайдаланууну лицензиялоо тартиби жөнүндө ЖОБО"Положение · 29.11.2018 · № 561
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 15-сентябрындагы № 486 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-ноябрындагы № 561 "Жер казынасын пайдалануу укуктарын лицензиялоо маселелери…Постановление · 15.09.2020 · № 486
- КР Өкмөтүнүн 20-жылдын 17-сентябрындагы № 480 "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын…Постановление · 17.09.2019 · № 480
Беренеде аталган актылар (2)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111782/st-4" title="4-берене - Жер казынасы жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>