Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
27-берене. Жер казынасын пайдалануу укугун токтотуунун натыйжалары
Күчүндө · 27.06.2024 редакциясы · 3-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 26 июня 2021 года № 81
1. Жер казынасын пайдалануу укугун токтотуу жер казынасын пайдалануучунун төмөнкүдөй милдеттерин жокко чыгарбайт:
1) жер участогун рекультивациялоо жана тоо-кендик мүлктү жоюу боюнча;
2) жер казынасын пайдалануу укугунун кийинки ээсине өткөрүп берүүгө чейин тоо кендик мүлктү консервациялоо жана адамдар жана айлана чөйрө үчүн сакталган, бузулбаган жана коопсуз абалында кармап туруу боюнча;
3) геологиялык маалыматтарды жана алгачкы документтерди Мамлекеттик геологиялык маалымат фондуна өткөрүп берүү боюнча;
4) жер астындагы сууларды булгануудан жана соолуудан коргоо боюнча.
2. Тоо-кендик мүлккө менчик укугунун өткөрүп берилиши жер казынасын пайдалануу укугун жоготкон жак менен жер казынасын пайдалануу укугунун жаны ээсинин ортосундагы келишимге ылайык жүргүзүлөт.
3. Эгерде кийинки лицензиатка лицензия берилген күндөн тартып 90 күндүн ичинде тоо-кендик мүлккө карата менчик укугун өткөрүү келишими түзүлбөсө, лицензиат жер казынасын пайдалануу укугун жоготкон жакка карата калтырылган тоо-кендик мүлк жайгашкан жер боюнча сотко лицензиаттын техникалык долбооруна ылайык пайдаланууга жаткан тоо-кендик мүлктү сатуу, сатып алуу келишимин түзүүгө милдеттендирүү жөнүндө жер казынасын пайдалануу укугун жоготкон жакка лицензиат төлөөчү компенсациянын көлөмүн аныктоо жөнүндө кайрылууга укуктуу.
4. Лицензиат ага менчик укугунда таандык болбогон тоо-кендик мүлктү пайдаланган учурда жер казынасын пайдалануу укугун жоготкон, тоо-кендик мүлктүн менчик ээси сотко кайрылууга укуктуу.
5. (КР 2021-жылдын 26-июнундагы № 81 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
(КР 2021-жылдын 26-июнундагы № 81 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 27.06.2024 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 26 июня 2021 года № 81 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О недрах"Редакцияларды салыштыруу
26.06.2021 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…тоо-кендик мүлктүн менчик ээси сотко кайрылууга укуктуу.
5. алынып салынды: Эгерде техникалык долбоордо же жоюунун, консервациялоонун же рекультивациялоонун атайын долбоорунда башкача каралбаса, жер казынасын пайдалануу укуктары токтотулганда техногендик түзүлмөлөргө болгон менчик укугу мамлекетке өтөт.кошулду: (КР 2021-жылдын 26-июнундагы № 81 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
(КР 2021-жылдын 26-июнундагы № 81 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-июлундагы № 432 "Кыргыз Республикасынын "Жер казынасы жөнүндө" Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын…Постановление · 30.07.2013 · № 432 · Күчүн жоготкон
Беренеде аталган актылар (1)
- Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралууЗакон · 26.06.2021 · № 81
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111782/st-27" title="27-берене - Жер казынасы жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>