Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
26-берене. Жер казынасын пайдалануу укугун токтотуп туруу жана токтотуу
Күчүндө · 27.06.2024 редакциясы · 3-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 27 июня 2024 года № 106
1. Жер казынасын пайдалануу укугу токтото туруунун себебин көрсөтүү жана бузууларды жоюу жөнүндө милдеттендирүүчү катты берүү менен жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан төмөнкүдөй учурларда 3 айга чейинки мөөнөткө токтотуп турулушу мүмкүн:
1) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жер казынасын коргоонун, экологиялык жана өнөр жайлык коопсуздуктун талаптары бузулганда жана бул жер казынасын пайдаланууга байланышкан жумуштардын таасир этүү зонасында иштеген жана жашаган адамдардын өмүрүнө же ден соолугуна тикелей коркунуч жаратканда;
2) геологиялык, тоо-кендик жумуштардын аткарылышы жөнүндө отчетторду жана пайдалуу кендердин запастарынын кыймылы жөнүндө отчетторду Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген мөөнөттө бербегенде;
3) ишенимсиз маалыматтарды камтыган геологиялык, тоо-кендик жумуштардын аткарылышы жөнүндө отчетторду жана пайдалуу кендердин запастарынын кыймылы жөнүндө отчетторду бергенде;
4) жер тилкесин рекультивациялоо үчүн каражаттарды топтоо боюнча талаптар аткарылбаганда;
5) бонусту жана/же лицензиялык төлөмдөрдү төлөө мөөнөттөрүн бузганда.
6) Жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга белгиленген мөөнөттө лицензиаттын - юридикалык жактын катышуучуларынын алмашылгандыгы жөнүндө билдирбөө, эгерде мындай алмаштыруу Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык бонус төлөөгө алып келсе.
Жалпы мамлекеттик маанидеги жер казынасынын тилкелеринин реестрине киргизилген, конкурс боюнча бөлүштүрүлүүчү объекттер боюнча жер казынасын пайдалануу укугу лицензиат социалдык пакеттин шарттарында каралган милдеттенмелерди аткарбаган же талаптагыдай эмес аткарган учурларда жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан 3 айга токтотулуп турат.
2. Эгерде ушул берененин 1-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык тоо-кендик мүлктү сакталган, бузулбаган жана калк жана айлана-чөйрө үчүн коопсуз абалда кармап туруу максатында жер казынасын пайдалануу укугун токтотуп туруу мүмкүн болбосо, жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жер казынасын пайдалануучунун жүйөлөнгөн арызы боюнча бузууларды жоюу мөөнөтүн узартууга укуктуу. Мөөнөттү узартуу жөнүндө арыз лицензияны токтото туруу мөөнөтү аяктаганга чейин 5 күндөн кечиктирилбестен берилет.
3. Жер казынасын пайдалануу укугун токтотуу үчүн негиздер:
1) жер казынасын пайдалануучунун жер казынасын пайдалануу укугунан баш тартуусу;
2) эгерде лицензиат лицензиянын колдонуу мөөнөтү аяктаганга чейин лицензияны узартуу же трансформациялоо жөнүндө арыз бербесе, жер казынасын пайдалануу укугуна лицензиянын колдонуу мөөнөтүнүн аяктоосу;
3) жумуштарды зарыл болгон бардык оң экспертизалар алынган техникалык долбоорсуз жана/же жумуштарды жүргүзүүгө лицензиялык макулдашуусуз жүргүзүү;
4) жер казынасын пайдалануу укугун токтотуп турууга алып келген себептерди мөөнөтүндө жойбогондук;
5) жер казынасын пайдалануу укугу токтотулуп турулган мезгил ичинде жер казынасын пайдаланууга багытталган жумуштарды аткаруу.
6) жер казынасын пайдалануучу тарабынан компаниянын бенефициарлары жөнүндө маалыматты бербөө же туура эмес маалыматты бергендигинин фактысы аныкталса.
7) конкурс өткөрүү аркылуу жалпы мамлекеттик маанидеги жер казынасынын участокторуна берилген лицензияларды кошпогондо, жумуштарды долбоорлоо боюнча лицензиялык макулдашуунун шарттарын 2 жылдан ашык аткарбоо;
8) (Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 27-июнундагы № 106 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
4. Жалпы мамлекеттик маанидеги жер казынасы тилкелеринин реестрине киргизилген, конкурс боюнча бөлүштүрүлүүчү объекттер боюнча жер казынасын пайдалануу укугун токтотуу үчүн кошумча негиздер:
1) конкурстук объект боюнча конкурстун шарттарында каралган жер казынасын пайдалануу укугу үчүн бааны жана жазапулдук санкцияларды төлөбөй коюу же өз убагынан кечиктирип төлөө;
2) өнөр жайлык, экологиялык коопсуздук жана жер казынасын коргоо жаатындагы эксперттик оң корутундулары бар техникалык долбоорду берүүнүн мөөнөтүн бир жолку узарткандан кийин аны кайрадан бузуу.
5. Жер казынасын пайдалануу укугун токтотуу жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими менен жүргүзүлөт. Жер казынасын пайдалануу укугун берүү жөнүндө чечимди жараксыз деп таануу жөнүндө сот актысы күчүнө кирген күндөн тартып мындай укук токтотулду деп эсептелет.
6. Жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жер казынасын пайдалануу укугун токтотуп туруу же токтотуу жөнүндө чечими ал кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет. Жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жер казынасын пайдалануу укугун токтото туруу же токтотуу жөнүндө чечими, мындай чечимди кабыл алуунун негиздерин көрсөтүү менен, жер казынасын пайдалануучуга мындай чечим кабыл алынган күндөн тартып 10 жумушчу күндүн ичинде жиберилет. Жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими сот тартибинде даттанылышы мүмкүн.
7. Форс-мажор келип чыккан учурда жер казынасын пайдалануу укугу жер казынасын пайдалануучунун арызы боюнча аны колдонуу мөөнөтүнө токтотулуп турат. Андай арыз берилген күндөн тартып 10 жумушчу күндүн ичинде жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган баш тартуунун жүйөсүн көрсөтүү менен жер казынасын пайдалануу укугун токтотуп туруудан баш тартууга укуктуу. Форс-мажорду колдонуу мезгилинде лицензияны колдонуу мөөнөтү жана лицензиялоо шарттарын аткаруу мөөнөттөрү убакыттын тиешелүү мезгилине карата узартылат.
(Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 23-июнундагы 48, 2024-жылдын 27-июнундагы № 106 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 27.06.2024 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 27 июня 2024 года № 106 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Кодекс Кыргызской Республики о правонарушениях, Закон Кыргызской Республики "О недрах") и признании утратившим силу Закона Кыргызской Республики "О запрещении деятельности, связанной с геологическим изучением недр с целью поиска, разведки и разработкой урановых, ториевых месторождений в Кыргызской Республике"Редакцияларды салыштыруу
27.06.2024 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…лицензиялык макулдашуунун шарттарын 2 жылдан ашык аткарбоо;
8) алынып салынды: "Кыргыз Республикасында уран, торий кендери чыккан жерлерди издөө, чалгындоо жана иштетүү максатында жер казынасын геологиялык изилдөө менен байланышкан иштерге тыюу салуу жөнүндө" Кыргыз кошулду: (Кыргыз Республикасынын алынып салынды: Мыйзамын бузуу менен ишти жүзөгө ашыруу (жумуштарды жүргүзүү).
кошулду: 2024-жылдын 27-июнундагы № 106 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
4. Жалпы мамлекеттик маанидеги жер казынасы тилкелеринин реестрине … карата узартылат.
(Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 23-июнундагы кошулду: 48, 2024-жылдын 27-июнундагы № алынып салынды: 48 Мыйзамынын редакциясына кошулду: 106 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
Беренеде аталган актылар (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111782/st-26" title="26-берене - Жер казынасы жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>