16-берене. Геологиялык маалымат ресурстарын берүү тартиби
Күчүндө · 27.06.2024 редакциясы · 2-глава
1. Геологиялык маалымат ресурстары жеткиликтүү жана акы төлөнүүчү ресурстар болуп саналат.
2. Геологиялык маалымат ресурстарын алуунун эки деңгээли белгиленет:
1) таанышуучу - маалымат булактарын Мамлекеттик геологиялык маалымат фондунун жана көчүрмөлөөнүн орун-жайларынан сырткары алып чыкпастан геологиялык маалыматты изилдөө;
2) пайдалануучу - иштеп жаткан жер казынасын пайдалануучулардын менчиги болуп саналган геологиялык маалыматты кошпогондо, алда канча кең-кесири геологиялык маалыматтарды камтыган документтерди электрондук жана кагаз жүзүндө көчүрмөлөөгө жол берүү.
3. Геологиялык маалымат ресурстарын берүүнүн жана пайдалануунун тартиби, аларды алуу үчүн төлөмдүн өлчөмү, алардын наркы, ошондой эле түшкөн каражаттарды чыгымдоонун тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
4. Жогорку жана атайын орто окуу жайларынын студенттери жана аспиранттары таанышуу деңгээлинин алкагында Мамлекеттик геологиялык маалымат фондунун геологиялык маалымат ресурстарын пайдаланууга укуктуу жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилеген чектерде геологиялык маалымат ресурстарын пайдалануу үчүн акы төлөөдөн бошотулат.
5. Геологиялык маалымат ресурстарын алуу үчүн төлөнгөн акы Мамлекеттик геологиялык маалымат фондун өнүктүрүүгө жана минералдык-чийки зат базасын толтурууга жумшалат.
6. Геологиялык маалымат ресурстарынын түп нускалары менен иштөөгө Мамлекеттик геологиялык маалымат фондунун жайларында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте жол берилет.
7. Мамлекеттик жашыруун сырды түзгөн геологиялык маалымат ресурстарына жеткиликтүүлүк Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте жүзөгө ашырылат.
Берененин тексти 27.06.2024 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
16-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме берген актылар (4)
- "Геологиялык маалымат ресурстарын пайдаланууга берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө ЖОБО" (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-мартындагы № 144 токтому менен…Постановление · 17.03.2014 · № 144
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-ноябрындагы № 547 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-мартындагы № 144 "Геологиялык маалымат ресурстарын пайдаланууга…Постановление · 22.11.2018 · № 547
- КР Өкмөтүнүн 2006-жылдын 20*-апрелиндеги №281 "Кара-Кече" көмүр кениндеги кырдаалды жөнгө салуу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуПостановление · 20.04.2006 · № 281 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-ноябрындагы № 547-токтомуПостановление · 22.11.2018 · № 547
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111782/st-16" title="16-берене - Жер казынасы жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>