Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
15-берене. Мамлекеттик геологиялык маалымат фонду
Күчүндө · 27.06.2024 редакциясы · 2-глава
1. Мамлекеттик геологиялык маалымат фонду жер казынасы жөнүндөгү геологиялык маалыматты, ошондой эле архивдерди, таш жана керн материалынын үлгүлөрүнүн коллекцияларын, палеонтологиялык калдыктарды, шлифтерди, аншлифтерди, музейлик коллекцияларды, кагаз жана электрондук булактардагы атайын адабият китепканасын камтыйт.
2. Мамлекеттик геологиялык маалымат фонду бардык жер казынасын пайдалануучулар тарабынан геологиялык маалыматтын милдеттүү нускасын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилеген тартипте акысыз берүү системасынын негизинде түзүлөт.
3. Жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган геологиялык маалымат ресурстарынын электрондук жана кагаз дубликаттарын толук көлөмдө түзүүгө жана кармап турууга жана жоготууну же уруксатсыз пайдаланууну болтурбоо шартында алардын сакталышын камсыз кылууга милдеттүү. Жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат адамдары геологиялык маалымат ресурстарынын сакталышы үчүн жоопкерчилик тартат.
4. Жер казынасын пайдалануучулар жыл сайын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бекиткен форма боюнча геологиялык отчетту сынамыктын географиялык жактан сыналган маалыматтар базасы менен кошо кагаз жана электрондук булактарда Мамлекеттик геологиялык маалымат фондуна берүүгө милдеттүү.
5. Мамлекеттик геологиялык маалымат фонду менчиктештирилбейт. Лицензияланган объектте жүргүзүлгөн изилдөөлөр жөнүндө толук маалыматты камтыган акыркы бүткөрүлгөн отчет болгондо гана ортодогу (ар жылдык) геологиялык отчетторду жоюуга жол берилет.
6. Жер казынасын пайдалануучунун менчиги болгон жана Мамлекеттик геологиялык маалымат фондуна берилген геологиялык маалыматты үчүнчү жактын пайдаланышынын шарттары жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашылат. Эгерде геологиялык маалыматты пайдалануунун өзгөчө шарттары үчүнчү жактар менен макулдашылбаса, үчүнчү жактар геологиялык маалыматка жалпы негизде жетүүгө укуктуу.
7. Жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жер казынасын пайдалануучуга берилген, жер казынасын пайдалануучунун менчиги болуп саналган геологиялык маалыматтын купуялуулугун камсыз кылууга милдеттүү. Жер казынасын пайдалануучу тарабынан Мамлекеттик геологиялык маалымат фондуна берилген геологиялык маалыматтын купуялуулугунун мезгилинде жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан төмөнкүлөр үчүн гана пайдаланылышы мүмкүн:
1) Кыргыз Республикасынын пайдалуу кендеринин запастарынын Кадастрын жана Мамлекеттик балансын жүргүзүү максатында;
2) жер казынасын мамлекеттик геологиялык изилдөөнү уюштуруу максатында түзүү үчүн зарыл болгон жер казынасынын түзүлүшү жана өнүгүшү, алардын жайгашышынын мыйзам ченемдиги жана башка маалыматтар жөнүндө геологиялык маалымат ресурстарын түзүү.
8. Жер казынасын пайдалануучуга таандык геологиялык маалыматты пайдалануу менен жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан түзүлгөн геологиялык маалымат ресурстары мамлекеттин менчиги болуп саналат.
Берененин тексти 27.06.2024 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (5)
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 13-июнундагы №350 "Тоо-кен казып алуу тармагындагы иштин абалы жана өнүктүрүүнүн келечеги жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын…Постановление · 13.06.2013 · № 350 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 18-мартындагы № 161 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 13-июнундагы № 350 "Тоо-кен казып алуу тармагындагы иштин абалы жана өнүктүрүүнүн…Постановление · 18.03.2014 · № 161 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 2-июну № 337 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 13-июнундагы № 350 "Тоо-кен казып алуу тармагындагы иштин абалы жана өнүктүрүүнүн келечеги…Постановление · 02.06.2015 · № 337 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 2-июлундагы № 436 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 13-июнундагы № 350 "Тоо-кен казып алуу тармагындагы иштин абалы жана өнүктүрүүнүн…Постановление · 02.07.2015 · № 436 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 27-июнундагы № 355 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 13-июнундагы № 350 "Тоо-кен казып алуу тармагындагы иштин абалы жана өнүктүрүүнүн…Постановление · 27.06.2016 · № 355 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111782/st-15" title="15-берене - Жер казынасы жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>