2-берене
Күчүн жоготкон · 29.12.2023 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 29 декабря 2023 года № 216.
"Медициналык буюмдарды жүгүртүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 7-8, 768-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 3-берене төмөнкүдөй мазмундагы 5-1-пункт менен толукталсын:
"5-1) жашоодо маанилүү медициналык буюмдардын Улуттук тизмеги - оорулардын алдын-алуу жана дарылоо максатында саламаттык сактоонун артыкчылыктуу керектөөлөрүн камсыз кылуучу медицинада колдонуу үчүн буюмдардын тизмеги;";
2) 2-глава төмөнкүдөй мазмундагы 6-1-берене менен толукталсын:
"6-1-берене. Медициналык буюмдардын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу
1. Медициналык жардам берүүнүн натыйжалуу түрлөрүнө жетүүнү жогорулатуу жана мамлекеттик каражаттарды сарамжалдуу пайдалануу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан жашоодо маанилүү медициналык буюмдардын Улуттук тизмеги бекитилет.
Жашоодо маанилүү медициналык буюмдардын Улуттук тизмегин түзүүнүн критерийлери жана тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат. Жашоодо маанилүү медициналык буюмдардын Улуттук тизмеги мезгил-мезгили менен (эки жылда бир жолудан аз эмес) жаңыланып турат.
2. Жашоодо маанилүү медициналык буюмдардын Улуттук тизмегине киргизилген медициналык буюмдарга бааларды түзүүнүн усулу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.".
Берененин тексти 29.12.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
2-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Медициналык буюмдарды жүгүртүү жөнүндөЗакон · 02.08.2017 · № 166 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111777/st-2" title="2-берене - Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндө", "Медициналык буюмдарды жүгүртүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>