1-берене
Күчүн жоготкон · 29.12.2023 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 29 декабря 2023 года № 216.
"Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 7-8, 767-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 4-берененин 26-пунктунда "жашоодо өтө маанилүү дары каражаттарынын тизмеги" деген сөздөр "жашоодо өтө маанилүү дары каражаттарынын Улуттук тизмеги" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 6-берененин 2-пунктунда "тизмегиндеги" деген сөз "Улуттук тизмегиндеги" деген сөздөргө алмаштырылсын;
3) 22-беренеде:
а) 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Медициналык жардам берүүнүн натыйжалуу түрлөрүнө жетүүнү жогорулатуу жана мамлекеттик каражаттарды сарамжалдуу пайдалануу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан жашоодо өтө маанилүү дары каражаттарынын Улуттук тизмеги бекитилет. Жашоодо өтө маанилүү дары каражаттарынын Улуттук тизмегин түзүүнүн критерийлери жана тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат. Жашоодо өтө маанилүү дары каражаттарынын Улуттук тизмеги мезгил-мезгили менен (эки жылда бир жолудан аз эмес) жаңыланып турат.";
б) берене төмөнкүдөй мазмундагы 2-1-бөлүк менен толукталсын:
"2-1. Жашоодо өтө маанилүү дары каражаттарынын Улуттук тизмегине киргизилген дары каражаттарына бааларды түзүүнүн усулу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.".
Берененин тексти 29.12.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме берген актылар (1)
- Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндөЗакон · 12.01.2024 · № 13
Беренеде аталган актылар (1)
- Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндөЗакон · 02.08.2017 · № 165 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111777/st-1" title="1-берене - Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндө", "Медициналык буюмдарды жүгүртүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>