1-берене
Күчүн жоготкон · 12.08.2025 редакциясы
Берене күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 18 января 2022 года № 4.
Кыргыз Республикасынын Салык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 8, 922-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 4-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 26-29-пункттар менен толукталсын:
26) "Жараксыз эсеп-фактура" - ушул Кодексте белгиленген мөөнөттөрдө КНС боюнча отчеттуулук бериле турган айдан кийинки айдын 15-числосуна чейин КНС боюнча отчет берилбеген жана/же тариздөөнүн жана колдонуунун белгиленген тартибин бузуу менен, ошондой эле КНСтин эсеп-фактураларын түзүү жана жүгүртүү тартибин бузуу менен салык төлөөчү тарабынан таризделген КНСтин эсеп-фактурасы.
27) "Товарды маркалоо" - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана/же Евразия экономикалык бирлигинин мыйзамдарынын талаптарына ылайык идентификациялоо каражаттарын товарга же анын таңгагына түшүрүү/бекитүү.
Ушул пункттун максатында өзүнө маалыматтарды камтыган штрих же башка код түрүндө берилген, же радиожыштык белгисине жазылган, же автоматтык идентификациялоонун башка каражаттарын же технологияларын колдонуу менен берилген машина окуй ала турган формадагы символдордун уникалдуу ырааттуулугу идентификациялоо каражаты деп таанылат. Товарды маркалоонун каражаты деп Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын жана/же Евроазия экономикалык бирлигинин мыйзамдарынын талаптарына ылайык маалыматтарды камтыган акциздик жыйымдын маркасы таанылышы мүмкүн. Салык салуу максатында маркаланууга тийиш болгон товарлардын тизмеги, идентификациялоо каражаттары, идентификациялоо каражаттарында камтылууга тийиш болгон маалыматтын форматы жана курамы, товарларды маркалоону киргизүү мөөнөтү жана маркалоо тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.
28) "Товарларды жүгүртүү":
а) Кыргыз Республикасынын аймагына товарларды ташып кирүү, аларды ташуу, Кыргыз Республикасынын аймагында сатып алуу жана сатуу, ошондой эле Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттерге экспорттоо;
б) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык маркаланууга тийиш болгон товарды өндүрүү, аны ташуу, Кыргыз Республикасынын аймагында сатып алуу жана сатуу, ошондой эле Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттерге экспорттоо.
29) "Электрондук идентификатор" - электрондук-эсептөө каражаттары аркылуу контролдук-кассалык машиналарды (мындан ары - ККМ) аутентификациялоого мүмкүндүк берүүчү ККМдин идентификациялык белгиси.";
2) 28-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"28-берене. Салык төлөөчүнүн электрондук документи Электрондук башкаруу жана санариптик кол тамга жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык түзүлгөн документ салык төлөөчүнүн электрондук документи болуп саналат.";
3) 44-беренеде:
а) 1-бөлүктүн 9-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"9) салык милдеттенмелерин эсепке алууну жана аткарууну ырастаган документтердин төмөнкүдөй мөөнөттөрдө сакталышын камсыз кылууга:
а) кагаз түрүндөгү жана электрондук документтерди - ыктыярдуу патенттин негизинде сатып алууну жана салыктарды төлөөнү ырастаган документтерди кошпогондо, кеминде 6 жылдын ичинде;
б) ыктыярдуу патенттин негизинде сатып алууну жана салыктарды төлөөнү ырастаган документтерди - 3 жылдын ичинде;";
б) бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 13-пункт менен толукталсын:
"13) товарларды маркалоону жүзөгө ашырууга, маркалануучу товарлар жөнүндө маалыматтарды берүүгө жана товарларды маркалоого карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана/же Евразия экономикалык бирлигинин мыйзамдарында каралган милдеттерди аткарууга.";
4) 58-беренеде:
а) 1-бөлүктүн биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Эгерде ушул Кодексте башкасы белгиленбесе, салык милдеттемелери боюнча доонун эскирүү мөөнөтү төмөнкү күндөн кийинки күндөн тартып 6 жыл деп белгиленет:";
б) берене төмөнкүдөй мазмундагы 1-1-бөлүк менен толукталсын:
"1-1. Ыктыярдуу патенттин негизинде салык төлөгөн салык төлөөчүнүн салык милдеттемеси боюнча доонун эскирүү мөөнөтү 3 жыл деп белгиленет.";
5) 83-беренеде:
а) 5-бөлүктүн 21 жана 22-пункттары күчүн жоготту деп таанылсын;
б) 6-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 6-пункт менен толукталсын:
"6) салык төлөөчүгө же анын салыктык өкүлүнө - КНСтин эсеп-фактурасын жараксыз деп таануу жөнүндө.";
6) 85-берененин 1-бөлүгүндө "жазуу жүзүндөгү жана/же" деген сөздөр "кагаз түрүндө түзүлгөн документи же" деген сөздөргө алмаштырылсын;
7) 86-беренеде:
а) 2-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Эгерде ушул Кодексте же ага ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү кабыл алган актыларда башкасы белгиленбесе, салык отчеттуулугу кагаз жүзүндөгү документ же электрондук документ түрүндө мамлекеттик же расмий тилде түзүлөт жана берилет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү кагаз түрүндөгү салыктык отчеттуулугун берүүнү электрондук документтин формасына өткөрүү тартибин жана мөөнөтүн аныктайт.";
б) 4 жана 5-бөлүктөр төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Электрондук документ түрүндөгү салык отчетуна электрондук башкаруу жана электрондук кол коюу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык салык төлөөчүнүн же салык төлөөчүнүн кызмат адамынын, же салык өкүлүнүн электрондук кол тамгасы менен коюлууга тийиш.
5. Салык отчетунда көрсөтүлгөн маалыматтардын ишенимдүүлүгү үчүн жоопкерчилик салык төлөөчүгө жүктөлөт.";
в) 7-бөлүктүн 3-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3) ыйгарым укуктуу салык органынын маалымат системасы же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка маалымат системасы аркылуу электрондук документ түрүндө.";
г) 9-бөлүктөгү "Салык отчетун" деген сөздөр "Кагаз жүзүндө түзүлгөн документ же электрондук документ түрүндөгү салык отчетун" деген сөздөргө алмаштырылсын;
д) 10-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
е) 11-бөлүктөгү "электрондук түрдө" деген сөздөр "электрондук документ түрүндө" деген сөздөргө алмаштырылсын;
8) 89-беренеде:
а) 1-бөлүктө "электрондук почта боюнча отчетту жибергендиги жөнүндө кабарлаган" деген сөздөр "ушул Кодекстин 86-беренесинин 7-бөлүгүнүн 3-пунктунда көрсөтүлгөн маалымат системасы электрондук документти кабыл алгандыгы жөнүндө кабарлаган" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 2-бөлүк "эгерде документ" деген сөздөрдөн кийин "почта боюнча" деген сөздөр менен толукталсын;
9) 109 жана 110-беренелер төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"109-берене. Контролдук-кассалык машиналарды колдонуу
1. Кыргыз Республикасынын аймагында жүзөгө ашырылуучу соода операцияларында же накталай акча, банктык төлөм карточкалары, чектер аркылуу иштерди аткарууда жана кызмат көрсөтүүлөрдө субъекттердин ортосундагы, ошондой эле калк менен акчалай эсептешүүлөр ККМди милдеттүү колдонуу жана контролдук чек берүү менен жүргүзүлөт. Ушул бөлүктүн жоболору өз ишинин спецификасынан же болбосо турган жеринин өзгөчөлүктөрүнөн улам Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен тизмеге ылайык ККМди колдонбостон акчалай эсептешүүлөрдү жүргүзө ала турган субъекттерге жайылтылбайт.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү субъекттин ишинин спецификасынан улам акчалай эсептешүүлөрдө виртуалдык контролдук-кассалык машиналарды (мындан ары - виртуалдык ККМ) колдонууга милдеттүү болгон учурлардын тизмегин, ошондой эле ушундай тизмекте каралган ар бир учурда виртуалдык ККМди колдонуу тартибин белгилейт.
3. ККМ фискалдык эске тутуусу бар төмөнкүдөй техникалык (аппараттык-программалык) каражат болуп саналат:
1) ыйгарым укуктуу салык органына жана/же шифрленген түрдө фискалдык маалыматтарды берүүчү оператор катары маалыматтарды топтоонун, берүүнүн жана сактоонун техникалык процессин камсыз кылуучу башка органга реалдуу убакыт режиминде фиксация жана маалыматтарды берүү функцияларына ээ;
2) товарларды сатууда, жумуштарды аткарууда жана кызмат көрсөтүүдө акчалай эсептешүүлөрдү каттоо үчүн колдонулуучу;
3) оңдолбой турган сутка сайын (смена сайын) каттоону жана маалыматты узак убакытка сактоону камсыз кылуучу.
Фискалдык эске тутуу - ККМ колдонуу менен жүзөгө ашырылуучу акчалай эсептешүүлөрдү толук эсепке алуу үчүн зарыл болгон жыйынтык маалыматты оңдолбой турган ар бир суткалык (ар бир сменалык) каттоону жана узак убакытка сактоону камсыз кылуучу программалык-аппараттык каражаттардын комплекси.
4. Виртуалдык ККМ - соода операцияларын жүзөгө ашырууда жана/же жумуштарды аткарууда, субъекттердин ортосунда кызмат көрсөтүүдө жана фискалдык маалыматтарды реалдуу убакыт режиминде ыйгарым укуктуу салык органына жана/же баш ийүүчү тастыктоочу борбор тарабынан берилген электрондук идентификаторду пайдалануу менен шифрленген түрдө фискалдык маалыматтарды берүүчү оператор катары маалыматтарды топтоонун, берүүнүн жана сактоонун техникалык процессин камсыз кылуучу башка органга берүүдө фискалдык маалыматтарды алмашуу, көчүрмөлөө жана сактоо боюнча функцияларды аткаруучу программалык камсыз кылуу.
Ушул бөлүктө көрсөтүлгөн фискалдык маалыматтарды берүү баш ийүүчү тастыктоочу борбор тарабынан берилген электрондук идентификаторду пайдалануу менен шифрленген түрдө фискалдык маалыматтарды берүүчү оператор катары маалыматтарды топтоонун, берүүнүн жана сактоонун техникалык процессин камсыз кылуучу уюм аркылуу жүзөгө ашырылышы мүмкүн.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү төмөнкүлөрдү бекитет:
1) ККМдин, анын ичинде Кыргыз Республикасынын аймагында колдонууга уруксат берилген виртуалдык ККМдин мамлекеттик реестрин (мындан ары - мамлекеттик реестр);
2) мамлекеттик реестрди түзүү эрежелерин;
3) ККМге карата техникалык талаптарды жана ККМди техникалык тейлөө борборлоруна карата, ошондой эле виртуалдык ККМдин операторлоруна карата талаптарды;
4) ККМди колдонуу, каттоо, санкцияланбаган кирүүдөн коопсуздугун камсыз кылуу тартибин жана мөөнөттөрүн жана ККМди пайдалануунун типтүү эрежелерин;
5) виртуалдык ККМди колдонуу, каттоо, санкцияланбаган кирүүдөн коопсуздугун камсыз кылуу тартибин жана мөөнөттөрүн, ага карата техникалык талаптарды жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык виртуалдык ККМди колдонуу менен иштөөгө милдеттүү болгон субъектиге карата талаптарды;
6) ыйгарым укуктуу салык органына жана/же шифрленген түрдө фискалдык маалыматтарды берүүчү оператор катары маалыматтарды топтоонун, берүүнүн жана сактоонун техникалык процессин камсыз кылуучу башка органга келип түшүүчү ККМди колдонгону жөнүндө маалыматтарды кабыл алуу, сактоо жана иштеп чыгуу тартибин;
7) ыйгарым укуктуу салык органына жана/же тастыктоочу борбор тарабынан баш ийүүчүгө берилген электрондук идентификаторду пайдалануу менен шифрленген түрдө фискалдык маалыматтарды берүүчү оператор катары маалыматтарды топтоонун, берүүнүн жана сактоонун техникалык процессин камсыз кылуучу башка органга уюмдардын маалыматтык системасы аркылуу келип түшүүчү виртуалдык ККМди колдонгону жөнүндө маалыматтарды кабыл алуу, сактоо жана иштеп чыгуу тартибин.
6. ККМ, анын ичинде виртуалдык ККМ мамлекеттик реестрге киргизилет жана байланыш жана маалымат жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган берүүчү корутундунун негизинде мамлекеттик реестрден чыгарылат.
Корутунду ККМдин, анын ичинде виртуалдык ККМдин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген техникалык талаптарга шайкештигин тастыктоочу документ болуп саналат. Корутунду берүү тартиби Кыргыз Республикасы Өкмөтү тарабынан белгиленет.
Берененин тексти 12.08.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
- Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндөЗакон · 18.01.2022 · № 4
Беренеге шилтеме бергендер
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндөЗакон · 18.01.2022 · № 4
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111776/st-1" title="1-берене - Салык жол-жоболорун фискалдаштыруунун электрондук системасын киргизүү маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>