Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
5-берене. Товардык кампаны бирдиктүү мамлекеттик реестрге каттоо жөнүндө күбөлүктүн колдонулушун токтото туруу жана калыбына келтирүү
Күчүндө · 09.03.2023 редакциясы
Акыркы өзгөртүү: Закон Кыргызской Республики от 9 марта 2023 года № 52
1. Ыйгарым укуктуу орган товардык кампанын күбөлүгүнүн колдонулушун токтото туруусуна төмөнкү учурларда жол берилет:
1) кош кампа күбөлүгүн (жана анын айрым бөлүктөрүн) жана жөнөкөй кампа күбөлүгүн кармоочулардын арызы болгон шартта, продукцияны кабыл алууда жана жүктөп жөнөтүүдө анын саны жана сапаты жөнүндө туура эмес маалыматтарды системалуу эсепке алуу (календардык жылды түзгөн он эки календардык айдын ичинде эки жолудан ашык) фактылары табылганда;
2) ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын тиешелүү документи менен ырасталган, фитосанитария чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларда белгиленген сактоо шарттары бузулганда;
3) берилген, алмаштырылган жана жоюлган жөнөкөй жана кош кампа күбөлүктөрү жөнүндө, алар жана кош кампа күбөлүгүнүн айрым бөлүктөрү жагындагы операциялар тууралуу ишенимсиз маалыматтардын мезгилдүү отчеттордо системалуу берилиши аныкталганда, баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын текшерүүсүнүн натыйжасында табылган жеке капиталдын өлчөмүнө карата талаптар жана башка талаптар сакталбаганда.
2. Товардык кампа күбөлүктүн колдонулушун убактылуу токтотуу жөнүндө чечимге административдик иш жана административдик жол-жоболор жөнүндө мыйзамдарда белгиленген тартипте даттанууга укуктуу.
3. Товардык кампанын күбөлүгүнүн колдонулушу ыйгарым укуктуу орган тарабынан ушул Мыйзамдын жоболорун же болбосо кампада сактоо жана кампа күбөлүктөрүн берүү (чыгаруу) боюнча иштерди жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мыйзамдардын башка жоболорун бузуулар товардык кампа тарабынан ал күбөлүктүн колдонулушу токтото турулган мөөнөттө четтетилген шартта кайра калыбына келтирилет.
Күбөлүктүн колдонулушун токтото туруу жана кайрадан калыбына келтирүү тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат. (КР 2023-жылдын 9-мартындагы № 52 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 09.03.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон Кыргызской Республики от 9 марта 2023 года № 52 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О товарных складах и складских свидетельствах"Редакцияларды салыштыруу
09.03.2023 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…туруу жана кайрадан калыбына келтирүү тартиби Кыргыз Республикасынын алынып салынды: Өкмөтү кошулду: Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
кошулду: (КР 2023-жылдын 9-мартындагы № 52 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (2)
- Товардык кампалардын бирдиктүү мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартиби жөнүндө ЖОБО (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-июлундагы N 377 токтомуна)Положение · 30.07.2019 · № 377
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-июлундагы № 377 "Товардык кампалар жана кампа күбөлүктөрү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу" токтомуПостановление · 30.07.2019 · № 377
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111772/st-5" title="5-берене - Товардык кампалар жана кампа күбөлүктөрү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>