Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
4-берене. Товардык кампаны бирдиктүү мамлекеттик реестрге каттоо жөнүндө күбөлүктү алуудан баш тартуу жана анын колдонулушун токтотуу үчүн негиздер
Күчүндө · 09.03.2023 редакциясы
Акыркы өзгөртүү: Закон Кыргызской Республики от 9 марта 2023 года № 52
1. Ыйгарым укуктуу орган төмөнкү учурларда товардык кампаны бирдиктүү мамлекеттик реестрге каттоодон баш тартууга укуктуу:
1) эгерде товардык кампа Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген талаптарга ылайык келбесе;
2) эгерде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан каралган документтердин толук тизмеги товардык кампа тарабынан берилбесе, же туура эмес маалымат берилсе, же берилген документтерде камтылган маалыматтарда так эместиктер же болбосо дал келбестиктер табылса;
3) эгерде арызды кароо жана күбөлүк берүү үчүн товардык кампа тарабынан акы төлөнбөсө.
Каттоодон баш тартуу жөнүндө чечим ушул Мыйзамдын ченемине милдеттүү түрдө шилтеме жасоо менен баш тартуунун негизин камтууга тийиш.
2. Күбөлүктүн колдонулушу төмөнкү учурларда токтотулат:
1) кош жана жөнөкөй кампа күбөлүктөрүн берүү (чыгаруу) менен продукцияны кампага сактоо боюнча ишин ыктыярдуу токтоткон жана бирдиктүү мамлекеттик реестрден чыгуу ниетин билдирген учурда товардык кампа тарабынан арыз берилгенде;
2) эгерде соттун чечими менен товардык кампага жөнөкөй жана кош кампа күбөлүктөрүн чыгаруу (берүү) менен продукцияны кампага сактоо ишин жүргүзүүгө тыюу салынса;
3) эгерде товардык кампа банкроттук жөнүндө мыйзамдарда белгиленген тартипте банкрот деп таанылса;
4) эгерде товардык кампа юридикалык жак катары ишин токтоткондугу катталса;
5) эгерде ыйгарым укуктуу орган күбөлүктүн колдонулушун токтото туруусуна негиз болгон себептер товардык кампа тарабынан четтетилбесе.
3. Бирдиктүү мамлекеттик реестрге тиешелүү маалымат киргизген датадан тартып күбөлүктүн колдонулушу токтотулду деп таанылат.
4. Товардык кампаны бирдиктүү мамлекеттик реестрге каттоо жөнүндө күбөлүктү алуудан баш тартуу жана анын колдонулушун токтотуу тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.
5. Бирдиктүү мамлекеттик реестрден чыгарылган учурда, товардык кампа жөнөкөй жана кош кампа күбөлүктөрүн бербестен (чыгарбастан) ишин жарандык мыйзамдарга ылайык жүзөгө ашырат.
(КР 2023-жылдын 9-мартындагы № 52 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 09.03.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон Кыргызской Республики от 9 марта 2023 года № 52 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О товарных складах и складских свидетельствах"Редакцияларды салыштыруу
09.03.2023 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…тартууга укуктуу:
1) эгерде товардык кампа Кыргыз Республикасынын алынып салынды: Өкмөтү кошулду: Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген талаптарга ылайык келбесе;
2) эгерде Кыргыз Республикасынын алынып салынды: Өкмөтү кошулду: Министрлер Кабинети тарабынан каралган документтердин толук тизмеги товардык кампа … жана анын колдонулушун токтотуу тартиби Кыргыз Республикасынын алынып салынды: Өкмөтү кошулду: Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.
5. Бирдиктүү мамлекеттик реестрден чыгарылган … (чыгарбастан) ишин жарандык мыйзамдарга ылайык жүзөгө ашырат.
кошулду: (КР 2023-жылдын 9-мартындагы № 52 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (2)
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-июлундагы № 377 "Товардык кампалар жана кампа күбөлүктөрү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу" токтомуПостановление · 30.07.2019 · № 377
- Товардык кампалардын бирдиктүү мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартиби жөнүндө ЖОБО (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-июлундагы N 377 токтомуна)Положение · 30.07.2019 · № 377
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111772/st-4" title="4-берене - Товардык кампалар жана кампа күбөлүктөрү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>